ИЧИ ТАРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Башкаларга жакшылык кылгысы келбөө, ийгилигин көрө албоо. Байымбет болсо, анын бул түрпүн жайлоодогу дуулдагандарга ичи тарып жатат дегендей боолголоду (Бейшеналиев). Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин кайта ичи тарып кетти (Касымбеков). Ичи тардыгуу. Өзүн амалдуу, кыйын эсептеген Касымбектин ичи тардыгып терикти (Бейшеналиев).