ички I в разн. знач. внутренний; ички оорулар внутренние болезни; ички соода внутренняя торговля; ички пикири его тайные мысли; ички кырдаалдар внутренняя обстановка; ички саясий кризис внутриполитический кризис; ички жумуштарды мен тындырып тургандыктан, атам тышкы иштер менен болду так как внутренние (по хозяйству) дела справлял я, отец мой был занят делами внешними. ички II то же, чтоичкилик I 1.
1. Бир нерсенин сыртына карама-каршы жагындагы, ич тарабындагы, ич жагын караган. Ички бети түктүү кездеме. 2. Ич жактагы, төр жактагы, төркү Каныбектер ички үйгө киришти (Жантөшев). 3. Ичтеги айтыла элек, жарыялана элек, көмүскө. Ар бири ички дартын айткысы келет (Каимов). Эми элим силерге, Ички пикир, сырды айттым («Курманбек»). 4. Ич арага таандык, сыртка, бөтөн тарапка, башкаларга тиешеси жок. Ички жумуштарды мен тындырып тургандыктан, атам тышкы иштери менен болду (Жантөшев).
ИЧКИ АСКЕРЛЕР – КР ИИМдин объекттерди кайтаруу, коомдун, мамлекеттин жана инсандардын кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин кылмыш ж. б. укукка каршы колсалуулардан сактоо боюнча аскердик-кызматтык милдеттерди аткарууга багытталган аскерлери. И. а-дин милдети: мамлекеттик маанилүү объектерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу; эмгек-түзөтүү мекемелерин күзөтүү, камалган жана соттолгон адамдарды айдоо; КР ички иштер органдарына коомдук тартипти сактоо боюнча көмөктөшүү; өзгөчө кырдаалдарда коомдук коопсуздукту жана укук режимин камсыз кылуу; КР аймагын коргоого катышуу.
Внутренний аудит (Internal audit) —Независимая экспертная функция, осуществляемая внутри организации для проверки и оценки адекватности системы внутреннего контроля организации.
ИЧКИ АУДИТ – КР мыйзамдарына ылайык өзүнүн ички көзөмөлдөө тармагынын натыйжалуулугун жана ылайыктуулугун, кабыл алынган чечимдердин, табылган жаңылыштыктардын тууралыгын баалоо максатында аны атайын дайындалган кызматкерлери тарабынан компаниянын каржылык отчетун, ошондой эле эсептеринин ишенимдүүлүгүн текшерүү.
Кодекс этики внутренних аудиторов (The code of ethics of internal auditors) —Кодекс этики международного Института внутренних аудиторов, который включает Принципы, относящиеся к профессии и практике внутреннего аудита, и Правила поведения, описывающие поведение, ожидаемое от внутренних аудиторов.
ИЧКИ ДЕҢИЗ СУУЛАРЫ – мамлекеттин ички сууларынын, демек, анын эгемендүү аймагынын ажырагыс бөлүгү. Дүйнөлүк океандын мамлекеттин кургак аймагы менен аймактык суусунун ортосунда жайгашкан бөлүгү да кирет.
Валовый внутренний продукт (Gross domestic product) —Рыночная стоимость всех конечных товаров и услуг (то есть предназначенных для непосредственного употребления), произведённых за год во всех отраслях экономики на территории государства для потребления, экспорта и накопления, вне зависимости от национальной принадлежности использованных факторов производства. Существует три метода расчета ВВП: 1) путем суммирования всех доходов в экономике: заработной платы, процентов на капитал, прибыли и ренты; 2) путем суммирования всех произведенных расходов: потребления, инвестиций, государственных закупок товаров и услуг, а также чистого экспорта; 3) путем суммирования всех добавленных стоимостей.
intranet (noun)
A network within an organization that uses Internet technologies and protocols, but is available only to certain people, such as employees of a company.
ИЧКИ ЗАЙЫМ ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – ички мамлекеттик зайымдарды жолжоболоштуруу каражаты болгон баалуу кагаздардын бир түрү. И. з. о. адатта көрсөтүүчү жакка карата чыгарылат. Киреше түрлөрү боюнча ал өзара пайыздуу жана пайызсыз болуп бөлүнөт. Киреше утуш таризинде да төлөнөт (атайын утуш нускасы). И. з. о. жайгашкан чөйрөнүн субъекттерине жараша алар мындайча бөлүнөт: эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүм алкагы чектелген (м.: юридикалык жактар арасында гана). Ыктыярдуу негизде таркатылат. Ошого карабастан, көптөгөн мамлекеттердин тарыхында И. з. о-н мажбурлоо аркылуу (тилкат боюнча) жайгаштырган учурлар дагы белгилүү. Ошондуктан, жайгаштыруу түрү боюнча да тапташтырылышы мүмкүн. Төлөө таризи боюнча мындай болушу мүмкүн: мамлекеттик валюта боюнча төлөнчү; чет өлкө валютасы боюнча төлөнчү (кээ учурларда чыгаруу шарттарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша). Эмитентине жараша: КР Өкмөтү же КР Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган облигациялар; жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылган облигациялар.
ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ (ИИМ) – өз ыйгарым укуктарынын чектеринде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу жана КР ички иштер органдарынын жана КР ИИМдин ички аскерлеринин иштеринин негизги багыттарын түздөнтүз жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органы. ИИМ курамына облустук, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана бөлүмдөрү, темир жолдогу, аба транспортундагы бөлүмчөлөрү (линиялык бөлүмдөр жана бөлүмчөлөр), мамлекеттик автоинспекция, ички иштер органдарына жана ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар кирген ички иштер органдарынын тармагын башкарат. Ички иштер органдары жана ички аскерлер ИИМ тутумун түзөт.
ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ – коомдук тартипти, инсандык жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучулук-тескөөчүлүк иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар. КРде КР ИИМ, ага баш ийген обулустук жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктары, транспорттогу бөлүмдөр, И. и. о-нын шаардык, райондук, шаардагы райондук, айылдардагы бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объекттер, окуу жайлар, мекемелер жана уюмдар КР И. и. о-нын бирдиктүү тутумун түзөт. И. и. о-нын түзүмүн КР Ички иштер министри аныктайт жана КР Өкмөтү бекитет.
ИЧКИ КЕМЧИЛИКТЕР – камсыздандырылган жүккө тийешелүү, анын жок болушуна жана бузулушуна (чирүү, күйүп кетүү, жарылуу, ным тартуу ж. б. у. с.) алып келүүчү касиеттер. Жүктөрдүн И. к-инен улам тартылган зыяндар, табигый касиеттер тобокелчилик түшүнүгүнө жатпагандыктан, ал камсыздандырылбайт.
Внутренний контроль (The internal control) —Система мер на всех уровнях процесса управления, который обеспечивает разумную уверенность в том, что организация эффективно достигнет своих целей и решит поставленные задачи при соблюдении всех нормативно-законодательных актов. Любые действия руководства и других сторон по управлению рисками и повышению вероятности достижения поставленных целей и выполнения задач.
Адекватность внутреннего контроля (Adequacy of the internal control) —Это контроль, обеспечивающий разумную уверенность в том, что управление рисками осуществляется эффективно, а цели и задачи организации будут выполнены наиболее эффективным и экономически оправданным способом.
Кыргыз элинин өткөндөгү турмушунда уруулук жиктелүү күчтүү болгон. Анткени көп кылымдар бою уруучулук-феодалдык түзүлүштө жашап келген. Ошого байланыштуу жалпы кыргыз элин түзгөн уруулар негизги үч топко бөлүнгөн: оң, сол, ичкилик. Оң менен сол сөздөрү аскердин оң жана сол канаты, арааны дегенден улам келип чыкканын өткөн кылымда эле В. В. Радлов айткан. Ал эми ичкилик деген терминдин кандайча пайда болгону азыркы күнгө чейин кыргыз тилчилери, тарыхчылары тарабынан аныктала элек.
Биздин оюбузча, ичкилик сөзү оң, сол сөздөрү сыяктуу эле аскердик түзүлүшкө байланыштуу келип чыккан. Ички сөзү ич+ки бөлүктөрүнөн куралып, ал 15–16-кылымдарда Орто Азиядагы элдерде «борбордогу, хандын карамагындагы» деген маани берген. Ушундай маани бергенин ошол кезде арабча, персче, түркчө жазылган кол жазмалардан окууга болот. Анткени оң жана сол канат ар бири өзүнүн аскер башчысы бар өзүнчө топ болгон. Ал эми борбордук топко хан өзү жайгашкан. Хан борбордук топтогу өзүнүн тикеден-тике көз алдында турган колду башкаруу менен бирге, оң жана сол канатка, жалпы шартка көз салган. Борбордук топтун аскерин ичкилерден чыккандар түзгөн. Хандын өзүнө түздөн-түз баш ийип, анын ордосунда кызмат кылгандар ички аталган. XVI кылымда жазылган Мухаммад Салихтын «Шейбанийнома» аттуу чыгармасында «Унгу сул борга кийиндилар чуст, Белларин богладилар размга руст. Ичкиси доги мукаммал булди, Ичкидин хоннинг эшиги тулди» - деген маалымат айтылат (106-бет). Ал эми хандын бийлигин таанып, ага баш ийүү менен, өзүнчө уруу болуп, ханга тиешелүү кызматын кылып берип тургандардан куралган оң менен сол канаттагылар тышкы, тышкылык аталган дешке болот. Азыркы күнгө чейин тышкылык деген жалпы аты сакталбай, анын оң жана сол деп ажыратылган калыбындагысы гана сакталган. Ичкиликтер болсо борбордук туунун кай жагына жайгашканына жараша оң жана сол болуп бөлүнгөн. Ошондуктан алар да оң колдук ичкилик, сол колдук ичкилик (чап колдук) болуп өз ара айырмаланышкан.
Мына ушундайча ичкилик жана тышкылыкка ажыратуу, анын ар бирин оң жана солго бөлүү байыркы замандаи бери келе жаткан салттан улам келип чыккан. Байыркы түрк жазууларында ички деген термин жогорку ички сөзүнө жакын маани берген, тактап айтканда «1) мамлекеттин чегинин ичиндеги баш ийгендер 2) хандын өзүнүн карамагындагы, ордосундагы» дегенге жакын маанини билдирген. Ичкилик сөзү XV–XVI кылымдарда гана активдүү колдонгонуна караганда, кыргыз элинин өзүнчө аскери болуп, мамлекеттик түзүлүшкө келген мезгили да ошо мезгилге жашташ же андан бир аз мурдараак болушу мүмкүн. Кантсе да уруулардын союзунан кыргыз эли түзүлгөн кезде оң канатта турган жана ага аскер бере турган уруулар жалпысынан бириктирилип, оң аталып калган. Ошондой эле жол менен сол канаттагы уруулар аталган. Борбордук корпус ички, ичкилик аталган.
ИЧКИ СУУЛАР – жээктери бир мамлекетке тийешелүү болгон өзөндөр ж. б. көлмөлөрдүн суулары. И. с-дын укук тартиби мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен, ал эми чегара сууларыныкы чектеш мамлекеттер менен түзүлгөн макулдашуулар боюнча аныкталат.
inline discussion (noun)
Discussion comments that are associated with a particular paragraph, image or table. In Web browsers, inline discussions are displayed in the body of the document; in a Microsoft Word document, they are displayed in the discussion pane.
tenant-level external data log (noun)
An error log that contains errors and exceptions that occur when SharePoint tries to connect to external systems through Business Connectivity Services. It can be retrieved by tenant administrators.