ИЧИНЕ КИРИП ЧЫККАНДАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөнүн ой-пикирин айттырбай билгендей, бардыгы дал келгендей. Туура айтасың, Салыке! Сен тим эле менин ичиме кирип чыккандай сүйлөйсүң (Каимов). Кишинин ичине кирип чыккандай, жаныңызда отуруп сүйлөшкөндөй жазат экен (Абдукаимов).