ИЧКЕН АШЫН ЖЕРГЕ КОЮУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Абдан кадырлоо, сыйлоо, жакшы көрүү. Сагынбек десе балдар ичкен ашын жерге коёт (Жантөшев). Абыкем сизди эстегенде, ар качандан бир качан ичкен ашын жерге койгон пенделерден болуп бара жатат («Чалкан»). Садыр - тууган дегенде ичкен ашын жерге коё койгон адам (Бердикеев). 2. Бир ишке берилип, аны аткарууга бүткүл дитин берүү, аны абдан самоо, эңсөө, аябай берилүү, көргүсү эле келип туруу. Алыста жүрсө да, түн ичинде болсо да сени дегенде ичкен ашын жерге койчу экен («Ала-Тоо»).