ИЧЕК-БООРУ КАТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Аябай көзүнөн жаш чыкканча күлүү, күлкүсүн токтото албай ыкшуу. Беркилери да ичек-боору катып аткандыр деп караса, алардын күлмөк-турмак быш дешкендей түрлөрү жок (Кыдырмышев). Анан директор өзүн токтото албай ичек-боору катып каткырып күлдү («Кыргызстан маданияты»).