ИЧИ БЫШУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир нерсени толук түшүнүп, ачык сезип турса да, аны ачык айта албай бушайман болуу, оюндагысын айтканча туталанып кетүү, чыдамы кетип, зорго чыдап туруу. Алысыраактагы бирөө жанындагыны жеңиден тарткылап, ичи бышып, а беркиси ага кайрыла албай дууга аралашат (Касымбеков). Анын ичи бышып, негедир муку көргүсү келбей сыртын салып жатты (Ашымбаев). Андай эле элдин жүрөгүн өйүгөн ой-санаага ичиң бышса, чындап эле коомго көмөктөшмөк болсоң, анда калк кандай жашаса, ошондой жашап, ага ойлош-санаалаш бол («Чалкан»).