ИЧИ ЖЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ыраазы болуу, көңүлү жибүү, жакшы көрүү, имерилүү. Анын ошонусуна ичим жылый түштү (Жигитов). Директордун мамилесине Гулжандын ичи жылыды («Ала-Тоо»). Сейдекенин ичи жылып, Бүбүнү жаш баладай эркелете чачынан сылап, бетинен өптү (Өгөбаев). Ал жогорудагыдай көрүнүштөн улам сергий түшүп, бир эсе аялынын тыкан, иш билги чыкканына ичи жылып кетти. В.: Ичи жибүү. Кээ бир үйгө баш багар замат адамдын жүзүнөн улам, жылуу-жумшак мамиле байкалып, ичиң жибий түшөт («Кыргызстан маданияты»). Ичи ысуу. Турмушта ар кыл адам болору бышык. Бирөөнө ичиң ысып ыраазы болсоң, бирөөнө нараазы болосуң (Касымбеков).