ИЧИМ ТАП
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көп сүйлөбөгөн, бейчеки сөз айтпаган, ички сырын билгизбеген, бир сырдуу, түнт. Исхак сынган бутун сыйпалап, көзүнүн төбөсү менен отургандарды сыдырып тиктеп, эрдин бек кымтып, ичим тап болуп отурду (Касымбеков). Ичим тап Суусардын бул сөзүнө ала көөдөк Төлөмүш анчалык маани бербеди (Бердикеев). Баягы жадырап-жайнаган кайниси бул күндө ой тереңине чөмүлүп, ичим тап боло баштаган (Өгөбаев).