ИЧИ ЖАКШЫ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Арамдыгы жок, ою түз, кишиге кара санабаган. Ичи жакшысы да, ич күптү болуп калганы да, баары бирдей көзгө дуулдап, кадырлуу элчини аткарууга сыртка коштоп чыгышты (Касымбеков). Ошол келиниң ичи жакшы бирөөгө сыр узатса керек («Советтик Кыргызстан»).