ИЧИ ТАРДЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Башкалардын ийгилигин, жетишкендерин көрө албагандык, бирөөлөргө жакшылык каалабагандык, жетишкендик өзүндө гана болсо дегендик, бөлөктөргө ийгилик каалабагандык. Жарашпас ичи тардык азаматка, Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта (Осмонов). Ал эми кек алмакка же ичи тардыкка жеңдирип туруп жазгандар бар («Чалкан»). Же өз тажрыйбаңарды элге жаюуга ич тардык кыласыңарбы? – деп Маамыт күлдү (Жантөшев). 2. Кызгангандык, өзү жакшы көргөнүн башкалардан коргогондук, Адатынча аялы жөнүндө жаман ой ойлоп, ичи тардык кылды (Сыдыгалиев). В.: Ичи тарлык. Андан бери Гүлай мени менен, Сабыйра Карим менен бийлесинчи. Ичи тарлыгыңар жокпу, Керим? – деп Сатар күлдү («Ала-Тоо»). Ич тардык. Адилеттик менен да, ич тардык менен да күңкүлдөшөт (Осмоналиев). Ич тарлык. Ич тарлык элин дагы кеңейтпейт, жерин дагы кеңейтпейт (Осмоналиев).