ИЧЕГИСИНЕ КАН ЖҮГҮРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өтө ачка болуу, аябай курсагы ачуу, кезээрүү, ачкалыкка чыдабай кетүү. Чоң энем өзүнчө кобурап, өзөөрүп калдың го? Ичегиңе кан жүгүрүп кетпедиби, – дей бере турган (Өмүрбаев). В.: Ичегиси каарылуу. Бирдемең барбы, ичегим каарылып кетти («Ала-Тоо»). Ичи каарылуу. Эчтеме ичпей, ичиңер каарылып кетти го! (Жантөшев). Ичине кан жүгүрүү. Ичиңизге кан жүгүрүп кетпесин, чакырсам укпадыңыз (Бейшеналиев). Өзөгүгө кан жүгүрүү. Өзөгүгө кан жүгүрүп кетпесин деп, оромонун калганын, эски болсо да, жылытып бердим («Кыргызстан маданияты»). Өзөгүнө кан жүгүрүү. Уулуңуздун өзөгүнө кан жүгүрүп кеткенби дейм, бирде мени, бирде сизди жал-жал карап, анан көзүн жумат («Ала-Тоо»).