ИЧИ АЧУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Кейүү, бирөөгө жан тартуу, боору ооруп аёо. Бир күнү жарган бээсине ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ал ыйлап кеткен, бирок анын көз жашына эч кимдин ичи ачыбады (Жантөшев). 2. Кызгануу, ичи таруу, кыйылуу, өкүнүү. Ичиң ачыса бербей эле кой («Ала-Тоо»).