Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде ичлик сөзү кыргызча ичмек сөзүнүн маанисин берип, ичмек сөзү «козунун терисинен жасалган ичик» маанисин туюнткан (ДТС, 202). Кыргыз тилинде байыркы ичмек сөзүнө туура келген сөз ичик болуп өзгөрүп, л тыбышы түшүп калса, мааниси да өзгөрүп, киши кие турган тыш кийимди билдирип калган. Ошол сыяктуу болуп ичмек сөзү да өзгөргөн. Азыркы кыргыз тилинде бул сөз аттын жонуна эң биринчи салына турган токумдун биринин атын билдирет. Ичмек сөзү ич+мек бөлүктөрүнөн турат. Анын -мек мүчөсү мааниси боюнча -лык мүчөсүнө туура келет. Бирок ар бир тилде -лык же -мак мүчөсү дифференцияланып, ар бири уланган сөзүнө өзгөчө маани берип калган.