ИЧИК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жылуу сырт кийимдин түрү. Атайын иштетүүдөн (ашатылуу, өңдөлүү, ийленүү ж. б.) өткөн жаныбардын (көбүнчө илбирс, карышкыр, кашкулак, сүлөөсүн, түлкү ж. б.) терилеринен жүнүн ичине каратып, сыртын калың, бышык материя менен тыштап, ошол эле териден чоң жака салып тигилет. Ичиктер ичтелген теринин түрүнө жараша көрпө ичик, түлкү ичик, карышкыр ичик, илбирс ичик ж. б. аталат. Бирден ичик, бир кымкап. («Манас» С. О.). Капсалаң кара көрпө ичигин желбегей жамынып, эшикке чыкты (Бейшеналиев).