ИЧКЕ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз түрк тилдеринде абдан айырмалуу болуп айтылат: инже (турец., ктат-), инче (аз.), инче (түркм., кум.), чинже (чув.), ниске (хак.), ничке (баш.), ничке (тат.), инчке (кбал.), ингичкә (өзб.), йиңишке (ног,), жиңишке (каз., ккал.), чиңге (тув.), чичке (алт.), сиинъигес (як.), ичке (кырг., лоб.).
Э. В. Севортян бул сөздүн уңгусун инч этиши деп эсептейт (Севортян, 1974, 365). Биздин оюбузча, ичке сөзү алгачкы түкчө (<түк+ча) сөзүнөн келип чыгат. Ошол сөздүн т тыбышы ч, с, й, н, ж тыбыштарына алмашуудан түрк тилдериндеги формалары жаралган. Ал үчүн алгачкы түкчө сөзүнүн к тыбышы кээ бир түрк тилдеринде н тыбышына алмашса, кээ биринде кч тыбыштары чк болуп метатезаланып кеткен: түкчө> түчке>чичке >ничке>ичке; түкчө>түңче > йүңче> йүничке>жиңичке>инче; түкчө>түңчө> сииьничес.
Кыргыз тилинде ичке нерсени кылга салыштыруу көнүмүш нерсе. Ошондуктан кылдай ичке делет. Байыркы түрктөр да ичке нерсени кылга салыштырган. Ан үчүн алар ошол кездеги «кыл, жүн» маанисиндеги түк сөзү алып, ага кичирейтүүчү же соалыштыруу маанидеги -ча мүчөсүн жалгап, түкчө сөзүн жасаган. Ал сөз эң алгач «кылдай, кылча» маанисин берген.