Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өкүнүү, аябай кайгыруу, капалануу, абдан кейүү. Муку угуп алып, даты бир жолу ичи күйүп, жанын коер жер таппай, санын мыкчып, даты бир жолу азаптанып алды (Айтматов). Анын ичи күйүп, ылжырап баратканына карабастан Жайдарбек сыр билдирбөөгө аракеттенди (Медетов). Асандын качып кеткенине абдан ичим күйдү («Кыргызстан маданияты»). 2. Ардануу, ызалануу. Айдаркан ичи күйгөн кишинин сөзүн сүйлөдү (Абдукаимов). Менин ичим күйгөнү - тааныштарымдын аварияга учурагандыгында («Советтик Кыргызстан»). Мындай мелдеште ичи күйгөндөр көп болгон («Кыргызстан маданияты»). Алиги күңкүдөй болуп, ал жол бойлоп басат, мен кабинеде кыбырайм. Ичим күйөт, арга жок (Айтматов). 3. Көрө албастык, ичи тардык кылуу, кызгануу сезиминде болуу. Кесиптештеримдин бирөө көрө албай ичи күйөт (Борбиев). -Өзүңөр кармасаңар минтпейт элеңер, мага ичиңер күйүп жатат, - деди Баяз (Жусупов). Бирөөлөрдүн ичи күйүп, бирөөлөрдүн тили кычышып, өсөк күлкү кылышар (Абдукаимов). Каратайдын ичи күйүп, өзүн жекиргендегиси: ал Сабырбекке бир ооз каяша жооп айта албагандыгы (Айтматов). Эмне ичиң күйүп жатабы, Амантай (Айтматов).