ИЧ КҮПТҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Дилде, ичте сакгалган таарыныч, нараазылык. Ич күптүсү эми чыккандай көөдөнүн кере дем алды («Ала-Тоо»). Сөз аңдып контордон чыкпайт, Ич күптүсү барларга ыктайт («Чалкан»). Ашырбек нечен-нечен ич күптүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп, чукул келип калган аялын көздөй атырылтты (Акматов).