Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тердиктин алдына токулуучу жумшак кийиз, токулга. 40 ээрди ичмек, тердиги менен өткөрүшүбүз керек (Сыдыкбеков). – Апаке, тердиктин ичмеги менен басмайылды мага эле бер («Жаш ленинчи»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде ичлик сөзү кыргызча ичмек сөзүнүн маанисин берип, ичмек сөзү «козунун терисинен жасалган ичик» маанисин туюнткан (ДТС, 202). Кыргыз тилинде байыркы ичмек сөзүнө туура келген сөз ичик болуп өзгөрүп, л тыбышы түшүп калса, мааниси да өзгөрүп, киши кие турган тыш кийимди билдирип калган. Ошол сыяктуу болуп ичмек сөзү да өзгөргөн. Азыркы кыргыз тилинде бул сөз аттын жонуна эң биринчи салына турган токумдун биринин атын билдирет. Ичмек сөзү ич+мек бөлүктөрүнөн турат. Анын -мек мүчөсү мааниси боюнча -лык мүчөсүнө туура келет. Бирок ар бир тилде -лык же -мак мүчөсү дифференцияланып, ар бири уланган сөзүнө өзгөчө маани берип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кылык-жоруктары, болгон өнөрлөрү ичинде катылуу, кылган иштери, ой-пикири купуя. Күйүнүп да койбой, сумсайып, ичмекейи ичинде (Осмоналиев). Өзгөчө ар дайым иштин оңоюн көздөп, маянанын көбүрөгүн качырган, сыртынан караганда, момун көрүнгөнү менен ичмекейи ичинде, менин дос сөрөйүм бул иште эч кимди алдына салбайт («Кыргызстан маданияты»). Бегалы бөлөлөрүнүн ачык айтпаганы менен ичмекейин ичине каткан каяшалары болуп жатпайбы («Ала-Тоо»). Сатар ичмекейи ичинде тилсиз ээрчий басты (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кылык-жоруктары, болгон өнөрлөрү ичинде катылуу, кылган иштери, ой-пикири купуя. Күйүнүп да койбой, сумсайып, ичмекейи ичинде (Осмоналиев). Өзгөчө ар дайым иштин оңоюн көздөп, маянанын көбүрөгүн качырган, сыртынан караганда, момун көрүнгөнү менен ичмекейи ичинде, менин дос сөрөйүм бул иште эч кимди алдына салбайт («Кыргызстан маданияты»).