ИЧИН ЖЫЛЫТПОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Нааразылыгын күчөтүү, жек көрүү сезимин пайда кылуу. Эстеликтин тулку боюнан илеп дайыма согуп тургансып, мурункудай тигинин ичин жылытпайт, куру кыялга чарпытпайт (Медетов). Мейли кыймылы болсун, мейли кыял-жоругу болсун, бирөөнүн ичин жылыта бербеген өңдөнүп турчу (Ашымбаев).