ИЧИНЕН ТЫНУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Оюндагысын, сырын ачыкка чыгара албай, ичине катып тим болуу. Баарын түшүнүп, баарын билип, ичинен сыздап, ичинен тынат (Бердикеев). Экөө далайга үнсүз арбашып, ичтеринен тынып турушту (Бейшеналиев). Сакасы алчы туруп, ичинен тынган Тикбай үн дебейт (Осмоналиев).