Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай жакшы көрүу. Бурул Саадатка ичи эзилип: – Ишенем, садага болоюн, – деди (Абдукаимов). Молдо Ыбырайымдын ичи эзилип, ыраазы болуп турган эле (Убукеев). Кызы бар эмеспи, анын үстүнө баласаак киши көрүнөт, балага ичи эзилип жатса керек (Абдукаимов). В.: Ичи-боору элжирөө. Карап турсаң ичи-бооруң элжиреп «ананайын, мобу баланы карачы» дегиң келет (Кыдырмышев). Ичи ысуу. Анын кечиримдүү жана көтөрүмдүү кыялына ичи ысыйт (Ашымбаев). Анын сага ичи ысып турат, улам жылдыздуу жалт-жалт карайт («Кыргызстан маданияты»). Абышканын ушундай ийкемдүү коңшу келинге ичи ысый түшөт (Кушубеков). Ичи элжирөө. Мен аларга ичим элжирей сонуркап карап турдум да, токтоно албай кыйкырып ийдим (Жигитов). Сага келген ооруну өзүнө өткөрүп алчудай кайра тартпоочудай болгонун көрүп туруп, ичиң элжирейт (Медетов).