Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Көчкөндө көчү жылдыздай, Көрпө ичиги кундуздай» (Жеңижок). Бул — элдик салттуу сырт кийим. Ал кездемеден тышталат, кара саксактан ичтелет. Мунун сырты өзүнчө, ичи өзүнчө тигилет. Шартка жараша ичиктин ичи ар кандай өңдөгү терилерден болот. Ичиктик жакага кара көрпө ойдогудай шартташат. Кийинчерээк бүйүрмө ичик да тигилүүдө. Ага топчу ордуна илгич кадалат.
      Жердиги жашыл болсо, кийимдин өзгөчөлүктөрүн өзү эле баамдатат. Жең менен жака ойдогудай коюлса, кийим көрктүү көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жылуу сырт кийимдин түрү. Атайын иштетүүдөн (ашатылуу, өңдөлүү, ийленүү ж. б.) өткөн жаныбардын (көбүнчө илбирс, карышкыр, кашкулак, сүлөөсүн, түлкү ж. б.) терилеринен жүнүн ичине каратып, сыртын калың, бышык материя менен тыштап, ошол эле териден чоң жака салып тигилет. Ичиктер ичтелген теринин түрүнө жараша көрпө ичик, түлкү ичик, карышкыр ичик, илбирс ичик ж. б. аталат. Бирден ичик, бир кымкап. («Манас» С. О.). Капсалаң кара көрпө ичигин желбегей жамынып, эшикке чыкты (Бейшеналиев).