ИЧИК
Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева«Көчкөндө көчү жылдыздай, Көрпө ичиги кундуздай» (Жеңижок). Бул — элдик салттуу сырт кийим. Ал кездемеден тышталат, кара саксактан ичтелет. Мунун сырты өзүнчө, ичи өзүнчө тигилет. Шартка жараша ичиктин ичи ар кандай өңдөгү терилерден болот. Ичиктик жакага кара көрпө ойдогудай шартташат. Кийинчерээк бүйүрмө ичик да тигилүүдө. Ага топчу ордуна илгич кадалат.
Жердиги жашыл болсо, кийимдин өзгөчөлүктөрүн өзү эле баамдатат. Жең менен жака ойдогудай коюлса, кийим көрктүү көрүнөт.
Жердиги жашыл болсо, кийимдин өзгөчөлүктөрүн өзү эле баамдатат. Жең менен жака ойдогудай коюлса, кийим көрктүү көрүнөт.