ИЧКЕНИ ИРИМ, ЖЕГЕНИ ЖЕЛИМ БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерсеге сары санаа болуп кыйналуу, азап жей берүү, тынчы кетүү, катуу санаркоо. Өзүңө бир балээ баштоочудай деген ушак-айыңды кулагыбыз чалып, тилмеч досуң экөөбүздүн ичкенибиз ирим, жегенибиз желим (Бейшеналиев). А турсун үй-бүлөсүнүн үрөйү учуп, ичкени ирим, жегени желим болуп жатпайбы (Бердикеев). Өзү согушуп жүрсө, ансыз да ичкени ирим, жегени желим болуп жүрсө жети өмүрүн жерге киргизбейли (Айтматов). В.: Ичкенин ирим, жегенин желим кылуу. Нинанын күндүр-түндүр үй бетин көрбөй, Осмон сыяктуу комсомолго жаңы өткөн жаштар менен үгүт-насыят таратып, айыл-кыштакты кыдырып кетиши да анын ичкенин ирим, жегеним желим кылат (Саатов).