Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайгы-капасын сыртына чыгарбай, өзүнчө капалануу, өз ичинен катуу убайым тартуу, өзүнчө бушайман боло берүү. Адеп сактап, араздашайын дедим да, ичимден сызып, токсон сомдук статистик орунга кеттим («Советтик Кыргызстан»). Бирок, ичинен сызып кек калганы менен эч кимиси ачыгына чыга албады (Өгөбаев). Атаңды апаң аяп, ичинен сызып жүрүп кеткен экен да жарыктык (Бердикеев). В.: Ичтен сыздоо. – Эмне кылайын, кууса куугандыр, – деди Момун ичтен сыздап (Айтматов). Ал эрдин бек кымтып, ичтен сыздап, оозуна сөз кирбей отуруп калды (Касымбеков). Сыртынан сыр бербегендери менен аялы экөө туяксыз жүрүшкөнүнө ичтеринен сыздачу (Кушубеков). Ичтен сызуу. Кимдин жарыгы эрте өчтү дегиче, манап ошол аялыныкында экенин билишип, ичтен сызып, өзүнчө күптү болуп, шордуулар өчүн ак мамыктан чыгарчу экен (Кушубеков). Сени эңсеп гана ичтен сызып каламын (Жусупов). Ичинен күйүү. Кабагын түйүп, эрдин кесе тиштенип ичинен күйөт («Советтик Кыргызстан»). Казак ичинен күйүп отурганда, Адыке от тутандырды (Сыдыкбеков). Абдылдабек бир ууртун тартып ичинен күйүп, өкүнүчтүү күрсүнүп койду (Касымбеков). Исак бул тамсилди өкүнүч менен эсине алып, ичинен күйдү (Касымбеков). Ичинен түтөө. Ичинен түтөгөн эне кызына сыр билгизбейин дейт (Сыдыкбеков). Чоң болуш ичинен түтөп, сыртынан көйкөлө сыр бербейт («Ала-Тоо»). Ичинен түтөп, алкына-жулкуна, арманын айткан айылына таанымал Айылчиева Кенжекан эле. Ичинен сыздоо. Өзү менен кошо соолорун ойлогондо ичинен сыздап убайын тартат (Өгөбаев). Жалындуу жаштын кайгысын бөлүшө тарткандай, биз дагы унчукпай ичибизден сыздадык (Жантөшев). Баарын түшүнүп, баарын билип, ичинен сыздап, ичинен тынат (Бердикеев).