ИЧИ БЫШУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерсени толук түшүнүп, ачык сезип турса да, аны ачык айта албай бушайман болуу, оюндагысын айтканча туталанып кетүү, чыдамы кетип, зорго чыдап туруу. Алысыраак тагы бирөө жанындагыны жеңиден тарткылап, ичи бышып, а беркиси ага кайрыла албай дууга аралашат (Касымбеков). Анын ичи бышып, негедир муну көргүсү келбей сыртын салып жатты (Ашымбаев). Андай эле элдин жүрөгүн өйүгөн ой-санаага ичиң бышса, чындап эле коомго көмөктөшмөк болсоң, анда калк кандай жашаса, ошондой жашап, ага ойлош-санаалаш бол («Чалкан»). В.: Ичи кайноо. Ою онго, санаасы санга бөлүнүп, ичи кайнап кетет да жанын коер жер таппай Сары-Өзөктүн ченем жеткис мейкинине башын катар көңүл таппай кыйналат (Айтматов). Ичи бук болуу. Досуңдун ичи бук болуп кетти көрүнөт, колун чөнтөгүнө салып алып, эстеликти айланып, капалуудай басып жүрөт («Кыргызстан маданияты»). Ичим бук болуп, ыйлагым келет («Ала-Тоо»). Ичи жарылып кете жаздоо. Кусалыкка куурап жүргөн кичинекей бала ушунчалык ишенич менен колун кое бербей кармап келе жатканына Эдигейдин ичи жарылып кете жаздап бара жатты (Айтматов).