ИЧИ ЖЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ыраазы болуу, көңүлү жибүү, жакшы көрүү, имерилүү. Анын ошонусуна ичим жылый түштү (Жигитов). Директордун мамилесине Гулжандын ичи жылыды («Ала-Тоо»). Сейдекенин ичи жылып, Бүбүнү жаш баладай эркелете чачынан сылап, бетинен өптү (Өгөбаев). Ал жогорудагыдай көрүнүштөн улам сергий түшүп, бир эсе аялынын тыкан, иш билги чыкканына ичи жылып кетти («Ленинчил жаш»).