1. девушка, девица, девушка-невеста; молодуха в дни свадебных пиров; кызыл беттүү, кымча бел - кыздары сонун кыргыздын фольк. румяные, с тонкой талией, прекрасны девушки киргизов; кыз ал- жениться на девушке; кыз алган теңим эле это был мой муж, который взял меня девицей; кыз-кыркын собир. девушки, девчата; дочери; 2. дочь; баласы менен кызы бар у него сын и дочь; кыз конок погов. дочь - гость; дочь - отрезанный ломоть; кызды сураганга бер, кымызды ичкенге бер погов. дочь отдай тому, кто просит, кумыс дай тому, кто пьёт (его); кыз-кыркыны менен келди он пришёл со всеми своими дочерьми; өлүү кыз этн. невеста, жених которой умер, успев уже посетить её (в старом быту она надевала траур, распускала косы и царапала себе лицо); кыз (или колукту) кубала- догонять невесту (см. ниже кыз куудуруу); кыз куумай 1) то же, что кыз куудуруу (см. ниже); 2) вид спортивной игры; кыз куудуруу 1) свадебный обычай: жених, сидя на плохой лошади, догоняет невесту, под которой хорошая лошадь; 2) игра: один из играющих бросает камень - кыз качырат-, - а другой бросает ему вслед - кыз куудурат-; кыздын баласындай очень милый, очень красивый (букв. как дитя дочери); кары кыз 1) незабудка; 2) липучка (трава); 3) старая дева; кыз теке гермафродит; кыз белгиси девственность; кыз белгисинөн ажырат- лишить девственности; кыздын кызылы красивая девушка; кыздын кызылынан кырк кыз берип, катындын карасынан алтымыш катын берип отдав (в качестве виры) сорок красивых девушек и шестьдесят миловидных женщин; кыз узатуу этн. проводы невесты в аул жениха; ордо кыз ист. одалиска (для киргизского быта не характерно); кан Көкөтөй тоюнда ойноп жаткан ордо кыз фольк. на (поминальном) пиру хана Кокетея плясала одалиска; кырк кыз ист. сорок наложниц хана (в киргизском быту не было); мен кырк кыздардын бири эмес я не какая-нибудь (букв. я не одна из наложниц хана); кыз айттыр- см.айттыр-; кыз таңар см.күйөө; септүү кыз см.септүү; эптүү кыз см.эптүү; кызы талак см.талак; кыз ойнотор см.ойнот-.
зат.1. Ата-эненин ургаачы жыныстуу баласы; ургаачы жыныстуу, бойго жете элек же бойго жеткен жаш адам. Машинада.. бара жаткан инженер.. Лиза аттуу кызын эсине түшүрүп, терең күрсүндү (Сасыкбаев). Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз (Осмонов). Сабак убактысы кандай өткөнүн кыздар сезбей да калды (Сасыкбаев). Жигит менен кыздарга жээгинде ойнор көл жакшы (Жантөшев).
2. Аялдын кайын сиңдисине (күйөөсүнүн карындашына) карата атоо катары колдонуучу сөзү.
♦ Кыз-кыркын — ата-эненин же туугандарынын турмушка чыккан же турмушка чыга элек кыздарына айтылуучу жалпы сөз; жалпы эле кыз-келиндер. Он киши он жердеги сөөк-тамыр, кыз-кыркындарына чабаганчы кетти (Жантөшев). Кызоюн — кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз менен жигиттер чогулуп, көңүл ачышуучу оюн-тамаша. Кыз оюндарда Токтогулдун ыры жаштарды өзүнө тартты (Бөкөнбаев). Кызкуумай — белгилүү бир чекке чейин ат минип качкан кызды же колуктусун жигит кууп жетүү негизги шарты болгон улуттук оюн. Кызтекек.теке. Карыкыз — нымдуу жерде өсүүчү майда көк гүлдүү өсүмдүк жана анын жабышкак уругу. Анын эскирген трайке шымынын багалегин кары кыз ширеп, мойнунан тери жылтылдайт (Сыдыкбеков).
кыз кыз бурак кыз-жигит кыз качыруу (этн.) кыз-келин кыз куумай кыз-кыркын кыз кыялдуу кыз кыялы калбоо кыз оюн кыз талак кыз теке (эркек) кыз сыны кыз сыры кыздын баласындай
1. Ата-эненин ургаачы жыныстуу баласы, ургаачы жыныстуу, бойго жете элек же бойго жеткен жаш адам. Машинада бара жаткан инженер Лиза аттуу кызын эсине түшүрүп, терең күрсүндү (Сасыкбаев). Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз (Осмонов). Сабак убактысы кандай өткөнүн кыздар сезбей да калды (Сасыкбаев). Жигит менен кыздарга жээгинде ойнор көл жакшы (Жантөшев). Басып өтсөң, жолуңдан гүл ачылып, Жетпей калчу кыз, келин кулач уруп (Мамазаирова). 2. Аялдын кайын сиңдисине (күйөөсүнүн карындашына) карата тергөө катары колдонуучу сөзү.
1. ласк. девочка, девчурка; кечээги кызалактанбыз, биз кайдан билебиз? мы (ведь) вчерашние девочки (т.е. совсем ещё молодые), откуда нам знать? 2. рабыня; кечикпей мага тиерсиң, керсеңдесең, кызалак, кементай кийип жүрөрсүң фольк. немедля выйдешь замуж за меня, если будешь противиться, будешь ходить в кементае; кымбат элек оңгонбуз, кызалак атка конгонбуз фольк. дорогой (тканью) мы были, полиняли, рабыней стали именоваться.
зат. Кызды же келинди кемсинтүү маанисинде айтылган сөз. Кызалак — деп, ат койгон, Кычкачын алып тап койгон (Тоголок Молдо). Жетим кызалактын иши болушунча болду, боёосу канды (Бейшеналиев). Келин да болсоң, Чачыкей, Кечикпей мага тиесиң, Керсеңдесең, кызалак, Кементай кийип жүрөрсүң («Эр Табылды»).
Кызды же келинди кемсинтүү маанисинде айтылган сөз. Кызалак – деп, ат койгон, Кычкачын алып тап койгон (Тоголок Молдо). Жетим кызалактын иши болушунча болду, боёосу канды (Бейшеналиев). Келин да болсоң, Чачыкей, Кечикпей мага тиесиң, Керсеңдесең, кызалак, Кементай кийип жүрөрсүң («Эр Табылды»).
зат. Денеге майда кызыл бүртүктөр пайда болуп, температура көтөрүлүп, көздүн айланасы, ооздун ичи жана дем алуу жолдору сезгенип ооруй турган балдардын жугуштуу оорусу, кызылча. Беш жашары солуп жаткан, Алдастатып кызамык (Аалы).
Денеге майда, кызыл бүртүкчөлөр пайда болуп, температура көтөрүлүп, көздүн айланасы, ооздун ичи жана дем алуу органдары сезгенип ооруй турган балдардын жугуштуу оорусун билдирген кызамык сөзү кыз уңгусунан жана -амык мүчөсүнөн турат. Анын кыз уңгусу — «кызыл» маанисиндеги сөз. Ал уңгу кызар (<кыз+ар) этишинде катышат. Ал эми -амык кичирейтүүчү мүчө экени боз-бозомук деген учурда аныктайбыз. Кызамык сөзү «кызыл сымак» дегенге жакын маани берип, кызгылт же кызылча сөздөрүнө маанилеш келет. Ошондуктан кызамыкты тергеп, кээде кызылча деп да коёт.
Денеге майда кызыл бүртүктөр пайда болуп, эти ысып, көздүн айланасы, ооздун ичи жана дем алуу жолдору сезгенип ооруй турган балдардын жугуштуу оорусу. Беш жашары солуп жаткан, Алдастатып кызамык (Токомбаев).
этиш.1. Каны кызуу, ачуусу келүү, ызалануу, чычалоо. Сапар кызаңдап тумшугу менен бир тийди (Бейшеналиев).
2. Кийимдин жыртыгынан же ачык жеринен дене көрүнүп туруу. Далдалы чыккан көйнөгүнөн кызаңдап эти көрүнүп жүрөт (Убукеев).
1. горячиться, злиться, обижаться; сыртынан кызаңдап кежирленген менен ичинен макул таап, унчукпай басты хотя внешне он обиделся и заупрямился, но внутренне согласился и молча пошёл; 2. перен. краснеть (гл. обр. о теле сквозь рваную одежду); согончогу кызаңдап жүрөт он ходит, сверкая пятками (в рваной обуви); эти, кызаңдап, көрүнүп жүрөт у него тело виднеется (платье изодрано).
1. Каны кызуу, ачуусу келүү, ызалануу, чычалоо. Сапар кызаңдап тумшугу менен бир тийди (Бейшеналиев). 2. Кийимдин жыртыгынан же ачык жеринен дене көрүнүп туруу. Далдалы чыккан көйнөгүнөн кызаңдап эти көрүнүп жүрөт (Убукеев).
этиш.1. Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу; канталап же кан жүгүрүп чыгуу. Спираль заматта кадимкисиндей кызарып чыкты (Бейшеналиев). Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Малиновскийдин болук бети кулагынан бери кызарып чыкты (Сасыкбаев).
2. өт. Уялган, кысылган абалда болуу. Мыскал эчтеке айта албай, кызарып кетти (Сыдыкбеков). Динар... бир аз кызарып кошо күлдү (Сыдыкбеков).
♦ Көзүкызаруу — кызыгуу, көңүлү түшүү; абдан эңсөө, чыдамсыздык менен күтүү. Азыркы.. челекчи Афанас бүйрө адам го. Алма-өрүгүн көрсөк, көзүбүз кызаруучу (Сыдыкбеков). Элимден кабар келсе деп, Эки көзүм кызарды (Токтогул). Кызарып-татаруу — абдан ачуусу келгенде же күч келгенде буулуга тартып кызарып кетүү. Чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен [ Сапар челекти].. жерден үзө албады (Бейшеналиев).
краснеть; күн кызарып чыкканда когда солнце, краснея, взойдёт; бир бузулуп, бир кызарып то бледнея, то краснея (о лице - от злобы или боли); токочтой кызарды он покраснел как кумач (букв. как хлеб; см.токоч); чыйкандай кыпкызыл красный как рак (букв. как чирей); кулагына чейин кызарды он покраснел до корней волос; кызарып, жан бер- быть убитым (букв. окровавившись, отдать душу); кызарган жер место, где режут скот (букв. покрасневшее место); кызарган жерден кыя өтпөс сугалак он такой обжора, что не пройдёт мимо места, где режут скот (и где можно поесть мяса).
«Кызыл түскө келүү» маанисин билдирген кызар этиши кыз+ар бөлүктөрүнөн турат. Мындагы кыз уңгусу – байыркы заманда азыркы кызыл сөзүнүн маанисин берген. Ошол кезде ага этиш жасоочу -ар мүчөсү жалганып пайда болгон кызар этиши алигиче сакталып калган. Бирок кыз уңгусу өзүнчө турганда «кызыл» маанисин бере албай турган абалга келген. Азыркы агар, көгөр, бозор сыяктуу учурда -ар мүчөсү сын атоочтон этиш жасоочу мүчө экени даана көрүнөт. Ошол -ар мүчө байыркы мезгилдр кыз сөзүнө уланып, азыркы кызар этишин уюштурган.
1. Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу, канталап чыгуу. Спираль заматта кадимкисиндей кызарып чыкты (Бейшеналиев). Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Жылуу бөлмөгө кирип, ысык чай ууртаган Мырзагүл эженин бети кызарып чыкты. 2. өт. Уялган, кысылган абалда болуу. Мыскал эчтеке айта албай, кызарып кетти (Сыдыкбеков). Динар бир аз кызарып кошо күлдү (Сыдыкбеков).
понуд. откызар- 1. доводить до красноты; окрашивать, красить в красный цвет; 2. перен. резать скот в большом количестве; карартып калың алып, кызартып той жеймин фольк. я получу большой калым (скотом) и буду резать скот без числа; бетибизди кызартты он нас в краску вогнал (осрамил); кызартып жан ал- убить (букв. окрасив, взять душу).
КЫЗАРТ — топоним. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча кыргыздар Алтайдан көчүп келаткан жолдо калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Абалкы аты Ара-Бел Кыяматтын журтуна Кызарт аттуу бел болду» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 561-б.),— деп калмактын Катыраң аяр кызы кыргыз колун апсун окуп сыйкырлап, алакетке салат, аягында жеңилип, өзү өлөт. Ошол кыздан улам К. аталган имиш. Географиялык реалияда Ала-Тоодогу Жумгал менен Кочкор райондорунун ортосундагы ашуу, тоо, суу. КЫЗКАРА — Алмамбеттин келишине арнап Манас ага тартуулаган күлүктөрдөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).
Абдан ачуусу келгенде же күч келгенде буулуга тартып кызарып кетүү. Чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен Сапар челекти жерден үзө албады (Бейшеналиев).
дикий мак, мак-самосейка; кызгалдактын кызыл гүл красный цветок мака; албырган жүзү кыпкызыл, кызгалдактын гүлүндөй фольк. её сияющее лицо красное-красное, как маков цвет.
зат. Кызыл гүлү апийимдин гүлүнүн формасындай, бирок андан кичирээк келип, тез ачылып, тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк. Таштын түбүндө гүл ачкан жалгыз түп кызгалдак турат (Жантөшев). Кызгалдак ачылгандай бир заматта дөбөнүн үстү гүлдөп кетти (Сыдыкбеков).
Кызыл гүлү кичирээк келип, тез ачылып, тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк. Таштын түбүндө гүл ачкан жалгыз түп кызгалдак турат (Жантөшев). Кызгалдак ачылгандай бир заматта дөбөнүн үстү гүлдөп кетти (Сыдыкбеков).
Май айында ачылуучу назик кызыл гүл кызгалдак аталат. Ал сөз «кызыл» маанисиндеги кыз уңгусунан жана -галдак мүчөсүнөн куралган. Андай экенин кыргыз тилинин түштүк диалектисиниде колдонулган саргалдак деген сары гүлдүү өсүмдүктүн атынын да байкайбыз. Ушуга караганда -галдак гүлдүү чөптөрдүн атын билдүрүүдө кошулчу мүчө болуп чыгат.
сын. Кызгалдакка окшош, кызыл. Мына, кечээ эле кызгалдактай жагоо тагынып, мектеп билиминин ширесин таткан жаш Юрий бүгүн учкуч космонавт, дүйнөлүк баатыр («Кыргызстан пионери»).
этиш.1. Кыйбоо, бергиси келбей аёо . Балам үчүн кызганбай, Чачтым эле малымды (Аалы).
2. Ичи таруу, ичи тардык кылуу. Капырай ошону эң жакын жолдошум Сабирадан да кызганчу болдум да («САЖИ»).
жалеть, скупиться; кымызды элден кызганат он для людей кумыса жалеет; өз билгенин, кызганбай, балдарга үйрөтүп жүрдү он, не жалея обучает ребят тому, что сам знает; кызганба тамак, кызгансаң - таяк погов. не жалей пищи, пожалеешь - палка (т.е. тебе будет стыдно).
1. Кыйбоо, бергиси келбей аёо. Балам үчүн кызганбай, Чачтым эле малымды (Токомбаев). 2. Ичи таруу, ичи тардык кылуу. Капырай ошону эң жакын жолдошум Сабирадан да кызганчу болдум да («САЖИ»).
имеющий дочь, дочерей; кыздуу киши кыр ашат погов. человек, имеющий дочь, хребет перевалит (в счёт калыма отец невесты получал и коней, а потому мог легко переезжать через горы); кыздуу үй дом, в котором есть девушка или девушки.
Байыркы түрк тилинде кыркын деген сөз «невольница, наложница» деген маанини билдирген (ДТС 1969:446) жана азыркы кыргыз тилиндегидей эле кыз-кыркын деген кош сөз түрүндө да колдонулуп, «невольницы, наложницы» деген маанини туюндурган (ДТС:1969:449). Бул компоненттин байыркы мааниси «кыз» болгон деген божомол бар (ЭСТЯ 1997:238). Бул боюнча кыргыз тилинде кызыктуу материалдар бар. Алсак, К.К.Юдахиндин сөздүгүнөн төмөнкүдөй этнографиялык материалдар кездешет: «чач кырк- ист. отрезать косу (самое позорное наказание женщины); чачы кыркылган аялдар адам катарынан чыгуучу женщины с отрезанной косой уже не считались за людей (Юдахин 1965:852). Сыягы, олжого келип, чачы кыркылган же кесилген кыз-келиндер да алардын катарына кирген. Кырк- жана кес- деген этиштер синоним болгондуктан, келин-кесек жана кемпир-кесек деген кош сөздөрдүн курамындагы кесек компонентин да кыркын компонентинин синоними катары карап, жогоруда көрсөтүлгөн «невольница, наложница» мааниси бул компонентке да тиешелүү болсо керек деп божомолдоого болот.
Ата-эненин же туугандарынын турмушка чыккан же турмушка чыга элек кыздарына айтылуучу жалпы сөз, жалпы эле кыз-келиндер. Он киши он жердеги сөөк-тамыр, кыз-кыркындарына чабаганчы кетти (Жантөшев).
ар. служба; работа (не на себя); аскер кызматы военная служба; кызмат? чем могу служить? кызматыңызга даярмын я к вашим услугам; аягы менен тик туруп, кызмат кылды он очень радушно принимал (напр. гостей).
зат.1. Белгилүү өлчөмдөгү акы үчүн акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон айрым тармагында иштелген иш, кесип. Сени азырынча заводдун көмөк жумуштарын тейлөө кызматына алалык (Сасыкбаев). Кызматка жарым саат эрте келип, жарым саат кеч кетем (Каимов). Кызмат таап бергин деп, Жалдырап Ашым жабышты (Осмонкул).
2. Эмгек, жумуш, иш. Кычкачка кармап зер чапкан, Кызматы менен мал тапкан (Тоголок Молдо). Кээде көмүр, кээде чоюн, таш тартат, Жаралгандан оор кызмат аткарат (Осмонов).
3. Бирөө үчүн иштелген иш, бирөөгө кылган жакшылык, пайда, жардам ж. б. аракет. Шамбет кызматын көрсөтүп, тигил карыны машинадан түшүрүп койду (Сыдыкбеков). Силердин кызматыңарды актоого менин кубатым келет (Абдукаримов). Жаштары ары-бери чуркап кызмат кылып жүрүшөт (Абдукаримов).
♦ Аскеркызматындаболуужеармиядакызматкылуу — белгилүү мөөнөткө чейин аскердик милдетти аткаруу. Закий аскер кызматынан келип, проходчик болуп иштеп жатат (Сасыкбаев). Табылды.. армияда кызмат кылат (Сыдыкбеков).
service (noun)
A website or service that a customer can connect in order to share what they've been doing on other websites, see their friends and their updates from other services in Windows Live, or share their Windows Live activity on other websites.
кызмат, кызматты, кыз- маты кызмат абалы кызмат абалынан пайдалануу (ук.) кызмат адамы кызмат акы кызмат кылмыштары кызмат мөөнөтү кызмат орду кызмат тартиби кызмат сыры кызматтан бошотуу кызматтан убактылуу четтетүү (ук.) кызматтык жер аянты (ук.) кызматтык иш сапары (ук.) кызматтык ыйгарым укуктар
1. Белгилүү өлчөмдөгү акы үчүн акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон айрым тармагында иштелген иш, кесип. Сени азырынча заводдун көмөк жумуштарын тейлөө кызматына алалык (Сасыкбаев). Кызматка жарым саат эрте келип, жарым саат кеч кетем (Каимов). Кызмат таап бергин деп, Жалдырап Ашым жабышты (Осмонкул). 2. Эмгек, жумуш, иш. Кычкачка кармап зер чапкан, Кызматы менен мал тапкан (Тоголок Молдо). Кээде көмүр, кээде чоюн, таш тартат, Жаралгандан оор кызмат аткарат (Осмонов). 3. Бирөө үчүн иштелген иш, бирөөгө кылган жакшылык, пайда, жардам ж. б. аракет. Шамбет кызматын көрсөтүп, тигил карыны машинадан түшүрүп койду (Сыдыкбеков). Силердин кызматыңарды актоого менин кубатым келет (Абдукаримов). Жаштары ары-бери чуркап кызмат кылып жүрүшөт (Абдукаримов).
КЫЗМАТ АБАЛЫНАН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНУУ – кызмат адамынын өз кызмат абалынан кызмат кызыкчылыгына кайчы келген пайдалануусунан көрүнгөн, эгер ал жосун жарандар менен юридикалык жактардын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузулуусун алып келсе, КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кызматтык кылмыш.
КЫЗМАТ АДАМЫ – мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында такай же убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча, бийлик өкүлүнүн милдетин ишке ашыруучу, же болбосо уюштуруу-тейлөө-тескөө, административдик-чарбачылык ишмилдетин аткаруучу адам.
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУГУН ЭНЧИЛЕП АЛУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттик бийликке, мамлекеттик кызмат кызыкчылыгына каршы багытталган кылмыш; мамлекеттик наамды же кызмат адамынын бийлигин өзалдынча ээлеп алуу менен жасалган кандайдыр бир коомчулукка коркунуч келтире турган иш-аракет.
overhead (noun)
Work or information that provides support - possibly critical support-for a computing process but is not an intrinsic part of the operation or data. Overhead often adds to processing time but is generally necessary.
service agreement (noun)
An agreement between a service provider and a customer that specifies the amount and type of service the provider will deliver.
зат.1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник; кызматкерлердин.. чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек («Советтик Кыргызстан»). Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков).
2. Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»).
3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү,ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутат — элдин кызматкери.
1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник кызматкерлердин чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек. Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков). 2. Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»). 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутат – элдин кызматкери.
КЫЗМАТКЕРДИ ЖЕКЕ КОРГОО КАРАЖАТТАРЫ – кызматкердин демалуу, угуу, көрүү органдарын, терисин жагымсыз касийеттердин таасиринен сактоого арналган жекече каражаттар.
КЫЗМАТКЕРЛЕР – акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде иштөөчү, өздөрүнө берилген укук милдеттерди жүзөгө ашыруучу жана алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуучу кара күчтү талап кылбаган жумуш жасаган, акыл эмгеги менен мээнеттенген кызматкерлер.
КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ЖЕКЕ ЖАНА ЖАМААТТЫК КОРГОО КАРАЖАТТАРЫ – зыяндуу жана кооптуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийген таасирин жок кылуу же азайтуу, ошондой эле булганып калуудан сактоо максатында колдонулуучу техникалык каражаттар.
КЫЗМАТ ОРДУ – бул же тигил мамлекеттик же мамлекеттик эмес уюмдардын кызмат орун тизмегиндеги белгилүү бир тартип боюнча белгиленип, анын ыйгарым укук мазмуну менен көлөмүн, аны кармоого чыгымдалуучу акча өлчөмүн, төмөндөн жогору түзүмүндө жайгашкан ордун көрсөтүүчү баштапкы түзүм бирдиги.
КЫЗМАТ ОРДУ (ЖУМУШ ОРДУ) – 1) кызматчынын (же кызматчылар тобунун) өндүрүштүк иш-милдетин аткаруусуна ыңгайлаштырылган жайдын бир бөлүгү; 2) жумуш берүүчүнүн көзөмөлүндө кыйыр же түздөнтүз туруп, кызматчы келүүгө же ишине байланыштуу болууга зарыл болгон орун.
service provider (noun)
A business that supplies Internet connectivity services to individuals, businesses, and other organizations. An ISP provides a telephone number, a user name, a password, and other connection information so that users can access the Internet through the ISP's computers.
quality-of-service indicator (noun)
A statistic that indicates the degree to which a computer, server farm, or server cluster meets usage demands for that configuration.
service quality metrics (noun)
A collection of statistics that indicates the degree to which a service meets performance, usage, and other demands for the service.
КЫЗМАТТАН КЕТҮҮ – 1) кеңири маанисинде алганда, кызмат адамдарынын мамлекеттик кызматтан же мамлекеттик кызмат ордунан кетүүсү; 2) аскердик кызматтагы офицердик тутумга кирген кызматкерлердин же прапорщиктердин жашына, оорусуна ж. б. байланыштуу кызматтан бошонуусу; 3) конституциялык укуктагы КР ЖК депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добушу аркылуу өкмөткө ишеним көрсөтпөөсү боюнча өкмөттүн, анын башчысынын же министрлердин кызматтан кетүүсү. Ошондой эле кызмат ордуна шайлоо жолу аркылуу келген мамлекет башчысы менен айрым кызмат адамдарынын иши да КР конституциялык мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.
КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТҮҮ (КР Президентин) – КР Президентинин конституциялык жоопкерчилигин ишке ашыра турган өзгөчө жолжобо. КР Конституциялык сотунун чыгарган корутундусу боюнча, КР ЖК тарабынан мамлекеттик чыккынчы катары же оор кылмыш жасады деп айыпталганда гана КР Президенти кызмат ордунан четтетилет. Кызматынан четтетүү үчүн КР Президентин айыптоо жөнүндөгү КР ЖКнын чечими КР ЖК тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен чечим кабыл алынат. КР Президентин кызматынан четтетүү боюнча КР ЖК тарабынан сунуш кылынган айыптоого КР Конституциялык соту тескери корутунду чыгарса, КР ЖКнын ал чакырылышын таркатууга алып келет. Эгер КР Конституциялык соту оң корутунду чыгарса, КР ЖКнын айыптоо сунуш кылынган күндөн тартып эки айлык мөөнөт ичинде депутаттардын жалпы санынын 4/5 добушу менен чечим кабыл алат. Эгер бул мөөнөттүн ичинде КР ЖК тарабынан чечим кабыл алынбаса, айыптоо четке кагылган болуп эсептелет.
Iсын. Кызматы бир, иштеш.
КЫЗМАТТАШIIэтиш. Биргелешип иштешүү, кандайдыр бир иштерди иштөөдө бири-бирине жардамдаш болуу. Өз ара кызматташкандыктан бул иш ийгиликтүү бүттү.
сотрудничество (выполнение работы совместно с кем-л, или помощь кому-л. в выполнении её); жемиштүү кызматташтык плодотворное сотрудничество; эл аралык кызматташтык международное сотрудничество; достук, кызматташтык, өз ара жардамдашуу дружба, сотрудничество, взаимная помощь.
зат. Өз ара кызматташ болуучулук. Досчулуктун жана эл аралык кызматташтыктын принциптери СССРдин тышкы саясатынын негизи болуп саналат («Советтик Кыргызстан»).
Өз ара кызматташ болуучулук. Досчулуктун жана эл аралык кызматташтыктын принциптери Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизи болуп саналат («Кыргыз Туусу»).
Business Contact Manager (proper noun)
A feature or add-in for Outlook that enables small business owners to list business contacts, accounts, and opportunities, and to perform several tasks related to managing and tracking information about the business.
КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЛОО – эгер бул жосундар жеке пайдакечтик же башка өздүк кызыкчылыктардан улам жасалса, мамлекеттик бийликке жана мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын мүдөөлөрүнө каршы кылмыш, кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматкер же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын кызматкери тарабынан ырасмий документтерге жалган экендиги дайын маалыматтарды, ошондой эле документтерге алардын чыныгы мазмунун бурмалоочу оңдоолорду киргизүүдө турат.
КЫЗМАТТЫК ЖЕР АЯНТЫ – мамлекеттик жана коммуналдык жер пайдалануучулар тарабынан өз кызматкерлерине КР жер мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарылган жер участоктогу. К. ж. а. жер участогун убактылуу акысыз пайдалануунун өзгөчө бир түрү болуп саналат.
КЫЗМАТТЫК (кесиптик) ЧЕНТАЛАП – руханий даражасына же кесиптик ишмердигине, ээлеген кызмат ордуна карата жарандардын шайлоо укугун чектөөчү шайлоо мыйзамынын жобосу. Алып айтсак, баардык Латын Америка жана Африка өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө аскер кызматчыларынын, полиция жана коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин добуш берүү укугу жок, Мексикада, Парагвайда жана Таиландда дин кызматкерлери солгун шайлоо укугуна ээ эмес. К. ч. эреже катары, бир катар кесиптердин мүнөзү принцибинде саясий турмушка жигердүү катушуу же депутаттык мандатка ылайык келбегени менен жүйөлөнөт.
КЫЗМАТТЫК КУРАЛ – мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, ишканалар менен уюмдардын кызматкерлерине өзүн өзү коргоо, же болбосо жарандардын өмүрүн жана денсоолугун коргоо, менчикти сактоо, табигый жана жаратылыш байлыктарын, баалуу жана кооптуу жүктөрдү, атайын кат-кабарларды кайтаруу боюнча өздөрүнө мыйзам аркылуу жүктөлгөн милдеттерин аткарууда пайдалануу максаттарында алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга КРдин мыйзамдары тарабынан улуксат берилген курал.
КЫЗМАТТЫК КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча мамлекеттик же муниципалдык органдардын ойдогудай иштөөлөрүнө тоскоолдук кылган кылмыш. Эгер 2 белги: күнөөлүү кызмат адамы болуп эсептелсе, ал эми анын жасаган коомдук коркунучтуу аракети (аракетсиздиги) анын кызмат абалы менен байланышкан болсо кызматтык кылмыш катары таанылат. Аларга коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, пара-сатып алуу, пара-сыйакы алуу, кызматтык документтерди оңдоо, шалаакылык ж. б. кирет.
КЫЗМАТТЫК ОЙЛОП ТАБУУ – кызматкер тарабынан өзүнүн кызмат милдеттерин же жумуш берүүчүнүн дайындуу тапшырмасын аткарууда жаратылган ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөржайлык үлгү.
КЫЗМАТТЫК СЫР – таркалып кетүүсү өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн болгон маалыматтар. Мындай маалыматтар мамлекеттик же аскердик сырга кирүүчү айрым бир маалыматтардан турат, жана алар толук ачыкка чыгарылбайт.
Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Марат уулу Талгаттын Конституциялык, Адилеттщщ соттук териштщрщщ, жактоочунун кызматынан пайдалануу жана эркин жщрщщгё болгон укуктарынын одоно тщрдё бузулгандыгы аныкталган.
КЫЗМАТТЫК ТУРАКЖАЙ – өздөрүнүн эмгек мамилелеринин мүнөзүнө байланыштуу иштеген жеринде же ага жакын жерде жашоого тийиш болгон жарандарды киргизүүгө арналган туракжай. К. т. анын менчик ээси болгон (аны тескеген) уюмдун жетекчи органдарынын чечими менен, жалдоо келишиминин негизинде, эмгек келишими түзүлгөн убакытка берилет. Жалпы эрежеге ылайык, уюм менен мамилелерин токтоткон кызматкерлер К. т. өздөрү менен бирге жашаган адамдар менен чогуу, башка туракжай берилбестен чыгарылууга тийиш.
КЫЗМАТТЫК ЧЫГАРМА – эмгек келишими боюнча, өзүнүн кызмат милдеттеринин (кызмат тапшырмасынын) алкагында автор тарабынан жаратылган адабий, илимий же көркөм өнөр (искусство) чыгармасы.
КЫЗМАТТЫК ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДАН АШАЧАБУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын кызыкчылыктарына каршы жасалган кылмыш; кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чектеринен ашачапкан жана жарандардын же уюмдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, же болбосо коомчулуктун же мамлекеттин мыйзам тарабынан коргоодогу кызыкчылыктарынын олуттуу бузулуусуна алып келген аракеттерди жасоосунда турат.
КЫЗМАТ ЧЕНИ – КРде мамлекеттик кызматкерлердин даражасы; ал мамлекеттик адистик сынактын же аттестациянын жыйынтыгы боюнча ыйгарылат. Мамлекеттик кызматкерлердин К. ч. ээлеп турган мамлекеттик кызмат ордуна болгон талаптарга карата адистик даярдык деңгээлинин шайкеш келерин көрсөтөт. Адистик сынактарды жүргүзүү, мамлекеттик кызматкерлерди сынактан өткөрүү жана К. ч-н ыйгаруу тартиби КР Президенти тарабынан белгиленет.
зат.1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Айганыш — комсомолдун обкомунун кызматчысы (Байтемиров). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев).
2. Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо).
3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.
КЫЗМАТЧЫ – 1) эмгек келишими боюнча иштеп, уюмдун ички эмгек тартибине баш ийүүчү жеке адам. Кызматчы (эмгек мыйзамдарынын мааниси боюнча) баардык эле жарандык-укуктук келишим (жалдоо, тапшырма, автордук келишим ж. б. у. с.) боюнча жак болуп саналбайт. Ар бир кызматчы төмөндөгүлөргө укуктуу: а) коопсуздук менен гигиена талаптарына жооп берүүчү эмгек шартына; б) жумушуна байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга; в) эч кандай басмырлоосуз жана мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмдөн төмөн эмес жасаган эмгегине жараша сыйакы алууга; г) жумуш убактысынын узактыгын белгилөө, бир катар кесиптер менен иштер үчүн жумушчу күндөрүн кыскартуу, апталык дем алыш күндөрүн, майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү берүү менен камсыз кылынган эс алууга; д) кесипкөйлүк бирликтерге биригүүгө, жаш курагы боюнча, эмгекке жарамдуулугун жоготкондо жана башка мыйзамдарда белгиленген учурларда, социалдык жактан камсыздандырылууга; е) өз эмгек укугун сот аркылуу коргоого. Кызматчы төмөндөгүлөргө милдеттүү: а) өзүнүн эмгектик милдетин ак ниеттик менен аткарууга; б) эмгек тартибин сактоого; в) уюмдун мүлкүнө аяр мамиле жасоого; г) белгиленген эмгек ченемин аткарууга.
2) жумуш берүүчү менен эмгек мамилесин түзгөн жеке адам.
1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Жылдыз – өз ишин так аткарган кызматчы («Кут билим»). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев). 2. Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо). 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.
КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ – кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин уюмдары, алардын уставдарына ылайык жумушчулардын кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык уюштурулган башка уюмдар. Кесиптик бирликтердин мүчөсү болбогон жумушчулар кесиптик бирликтерге өз кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктарын бере алышат.
КЫЗ ОЮН, жар көрүшүү — кыргыз элдик оюндардын бири. «Манас» эпосунда Семетей баатыр Акун кандын шаарына күйөөлөп барганда, Айчүрөктүн тоюнда К. ошондой жөнүндө айтылат:
Сексен келин, сексен кыз
Сексен жигит, сексен уул
Серпилип оюн салышып,
Оромолдон жоолугун
Токмок кылып бурушуп,
Ургаачы, эркек аралаш,
Бири-бирин урушуп,
Мына минтип турушуп,
Кезек токмок алышып,
Сүйгөнүнө салышып,
Эркектери ырдашып,
Ургаачылар тыңдашып,
Эрикпей ойноп алышып
Сүйгөнүнө барышып,
Кымыз ичип кызышып,
Сөөк тери ысышып,
Жыргалдын четин караса,
Кайран жеңең Айчүрөк
Ушундай салды тамаша (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 69).
Кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз менен жигиттер чогулуп, көңүл ачышуучу оюн-тамаша. Кыз оюндарда Токтогулдун ыры жаштарды өзүнө тартты (Бөкөнбаев).
«КЫЗ САЙКАЛ» — баатырдык эпос. Айткан Орузбай Урмамбет уулу. Айтуучу 1978-ж. өз колу менен жазып келип, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган (Кол жазмалар фондусу, 686/5324-инв., 1-311-б.). Чыгарманын мазмунун негизинен «Манас» эпосундагы Сайкал менен Манастын сайышы жөнүндөгү эпизод, башкача айтканда баатырдык үйлөнүү мотиви түзөт (к. Баатырдык үйлөнүү).
«К. С.» эпосунун окуялары нойгут уруусунан чыккан Карача кан өз элине сырттан душман кол салуусунан коргоп турган бейпил турмушун сүрөттөөдөн башталат. Эпикалык салт мыйзам боюнча кандын жападан жалгыз кемчилиги — баласыздыгы. Баласыздык мотивин көркөм өздөштүрүү үчүн сырткы душмандардын тынч жаткан элге бүлүк салышы, жашы улгайган кандын кудайдан бала тилеши, түш көрүшү сыяктуу кырдаалдык мотивдер колдонулат. Зарыгып көргөн перзенти тентек чыгып, өзү курактуулардан кара күч, акыл, баатырдык жагынан айырмаланып турушу да — түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторуна мүнөздүү көрүнүш. Сайкалдын куш салып салбырынга чыгышы, он беш жаш курагында жолборсту мерт кылышы, менсинген эки жигитти байлап келиши, атасы Карачанын кытайга салык төлөп тургандыгын Шерик аттуу балбандан угуп, жер чалышы, кытайдын Кежир балбанын сайышы, салык жыйнаганы келген кытайды жолотпой, өзү кытайларга барып алардын төрөсүн булдурсун менен жыга чабышы сыяктуу эпизоддордо Сайкал кадимки эпикалык баатыр катары сүрөттөлөт. Элин, жерин душмандан бошотуп, атасы Карачанын ордуна кандык кылып калат. Ушул окуялардан кийин гана эпостун «Манас» эпосуна түздөн-түз тиешеси бар негизги бөлүгү башталат. Көкөтөйдүн ашына Сайкал келген эмес экен. Кошой Жолой менен күрөшөр балбан таппай калганда Сайкалдын келбегенине өкүнүшөт. Ошондон улам Сайкалдын баатырдыгын билген Манас аш бүтөр менен Алмамбет, Чубак, Сыргак Бакайды жанына алып, Сайкалды издеп жөнөйт. Карачанын ордосуна барып, Сайкалдын эрдигин сыноо үчүн жылкы тиет. Сайкал эртең барып көрөрмүн деп камырабай жатып алат. Түшүндө жылкы тийген Манас экенин билип, анан аттанат. Сайкалдын Манас менен жүз көрүшүп, күч сынашып, жеңилген соң, акыреттик жар болууга ант бериши менен окуя аяктайт. Кийин Манастын өлгөнүн угуп, Таласка барып, зыйнатына туруп кайтат жана көп узабай кайып болуп кетет. Бул эпизоддор түгөлү менен «Манаста» бар.
Манас менен Сайкалдын акыреттик жар болушу «Манас» эпосундагы салттуу, көөнө мотивдердин бири (к. Сайкал, Акыреттик жар).
С. Кайыпов
КЫЗ САЙКАЛДЫН ОРУ — Ак Сайдагы Как шаал тоосунун тескейиндеги Текелик капчыгайынын оозундагы тегиз жерде казылган ор (ороо). Ордун тереңдиги 8—9 м, эни 20—30 м. Элдик уламыш боюнча Кыз Сайкал бул орго жашынып алып, келүүчү жоону күзөтүп, күтчү имиш.
кызуу I горячий прям. , перен.; разгорячённый; темирди кызуусунда сок погов. куй железо, пока горячо; кызуу киши горячий человек; кызуу кубатташты горячо поддержали; жазгы жумуштардын кызуу мезгили период разгара весенних работ; кызуу түрдө энергично; кызуу кандуу возбуждённый; кызуу элем я был под хмельком; кызуу иштин аягы сууганча см.суу- III. кызуу II и. д. откызы-.
Iсын.1. Ысык. Темирди кызуусунда сок (макал). Кызуусунда алдагыны бери тарт, Кыя чапчу кыйын уста оңунда (Осмонов)
2. Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган , сууй элек, кызыган (сезим, көңүл, кубулуш, окуя ж. б. жөнүндө). Жаштыктын кызуусунда, күчүң барда Тартынбай табың үчүн түш майданга (Элебаев). Татыбек кызуу уйкуда (Байтемиров). Кыз-келин кызуу орокто (Мидин). Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов).
3. Кызымтал, анча мас эмес. Ал [Жолбунов] ичип алып кызуу келген экен (Убукеев).
♦ Кызуукандуужеканыкызуу — ачуусу чукул, кыялы чорт, чапчаң мүнөздүү. Любанын каны кызуу эле (Аалы). [Кебек карыянын] катын-баласы өлгөндөн бери каны эң эле кызуу болуп кетти (Байтемиров).
КЫЗУУIIкызы этишинин кыймыл атоочу.
1. Ысык. Темирди кызуусунда сок (макал). Кызуусунда алдагыны бери тарт, Кыя чапчу кыйын уста оңунда (Осмонов) 2. Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган, сууй элек, кызыган (сезим, көңүл,кубулуш, окуя ж. б. жөнүндө). Жаштыктын кызуусунда, күчүң барда, Тартынбай табың үчүн түш майданга (Элебаев). Татыбек кызуу уйкуда (Байтемиров). Кыз-келин кызуу орокто (Мидин). Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов). 3. Кызымтал, анча мас эмес. Жолбунов ичип алып кызуу келген экен (Убукеев).
Өзүн-өзү токтото албаган, ачуусу чукул, токтомдуу эмес, мүнөзү чапчаң, чогоол. Кызуу кандуу кишиге кол тийгизсе же бир жаман сөз айтса, иштин бүткөнү (Жантөшев). Кызуу кандуу, каардуу киши Эдигей, ошо мүнөзү үчүн Борондуу деп аталып калган (Айтматов). В.: Каны кызуу. Каны кызуу жаш жигит чапса чаап койгондур (Байтемиров).
Өзүн-өзү токтото албаган, ачуусу чукул, токтомдуу эмес, мүнөзү чапчаң, чогоол. Кызуу кандуу кишиге кол тийгизсе же бир жаман сөз айтса, иштин бүткөнү (Жантөшев). Кызуу кандуу, каардуу киши Эдигей, ошо мүнөзү үчүн Борондуу деп аталып калган (Айтматов).
этиш.Күчөө; улам кызып, күчөгөн абалга келүү. Кызуулап иштеп жумушту, Чыңалуучу убакты (Осмонкул). Кызматка жапырт чыкканда, Кызуулап эмгек кайнады (Осмонкул).
горячиться, возбуждаться, приходить в азарт; сөздөр кызуулап кетти разговор разгорелся, принял страстный характер; жумуш кызуулап турган кез время самого разгара работы; кызуулап айт- сказать возбуждённо.
Күчөө, улам кызып, күчөгөн абалга келүү. Кызуулап иштеп жумушту, Чыңалуучу убакты (Осмонкул). Кызматка жапырт чыкканда, Кызуулап эмгек кайнады (Осмонкул).
возвр. откызуула-, то же, чтокызуула-; кызуулана сүйлө- говорить возбуждённо; кызууланып иште- работать энергично, с жаром; кызууланып ойно- играть с азартом.
этиш.1. Ысуу. [Абылдын] денеси кызып, тердеп да калды (Касымбеков). Күн кызып, улуу шашке болгон убак (Абдыраманов).
2. Күчөө. Отургандардын сөзү кызыды (Жантөшев). Иш кызыды (Таштемиров). Заводдо социалисттик мелдеш кызыды (Сасыкбаев).
3. Делебеси козголуу, кызыгып кетүү, толкундап кетүү. Белинен кыл комузду сууруп алып, Мендибай кызып кирди күүнү чертип (Шамшиев). Суусамырдын коён жатагына чейин белгилүү болгондуктан, анын [Черик мергендин] да сөзгө аралашкысы келип, делебеси кызып отурат (Байтемиров).
4. Кызымтал болуу, кызымтал абалга келүү. Кызып калган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров).
♦ Бүйрүкызуук.бүйүрI. Каныкызуу — ачуусу келүү, кыжыры келүү. Барган сайын [Кебек карыянын] каны кызып, урушарга киши таппайт (Байтемиров). Кээде көрүп отуруп каным кызыйт (Байтемиров).
1. накаляться, нагреваться; темир кызыды железо накалилось; 2. преть, гореть; үймөктөгү чөп кызып кетти сено в копнах преет; кампадагы буудай кызып кетти хлеб в амбаре горит (преет); 3. перен. горячиться, возбуждаться; арак ичип, кызып калган он выпил водки и разгорячился; кызып ишке киришти он с жаром принялся за работу.
1. Ысуу. Абылдын денеси кызып, тердеп да калды (Касымбеков). Күн кызып, улуу шашке болгон убак (Абдыраманов). 2. Күчөө. Отургандардын сөзү кызыды (Жантөшев). Иш кызыды (Таштемиров). 3. Делебеси козголуу, кызыгып кетүү, толкундап кетүү. Белинен кыл комузду сууруп алып, Мендибай кызып кирди күүнү чертип (Шамшиев). Суусамырдын коён жатагына чейин белгилүү болгондуктан, анын Черик мергендин да сөзгө аралашкысы келип, делебеси кызып отурат (Байтемиров). 4. Кызымтал болуу, кызымтал абалга келүү. Кызып калган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров).
1. Оңбогон, жаман. Кырк эшен анда кеп айтат: Манасың бачагар киши болучу. Манасың кызыгар киши болучу. Манасыңа барбайбыз. Сиздин тилди албайбыз («Манас»). 2. Кызыктуу менен бирдей.
и. д. откызык- II увлечение, сильное стремление; соблазн; оюнга көп кызыгуунун кереги жок слишком увлекаться играми не следует; акчага кызыгуу соблазняться деньгами.
кызык I интересный, забавный, занимательный; "болду" дегенден "болот-болот" дегени кызык погов. "будет, будет" интереснее, чем "было" (о чём-л. приятном: интереснее ожидать, чем вспоминать); кызыгына бат- насладиться чем-л. вдоволь; мына кызык! странно!; вот ещё!; вот тебе на!; кызык уруш салып устроив большое побоище. кызык- II заинтересоваться, проявить интерес, разохотиться, раззадориться; оюнга кызыгып, тамакты ичкей калдым я увлёкся игрой и не поел; сөзүнө кызыгып, уйкум ачылып кетти я так заинтересовался его рассказом, что у меня и сон прошёл.
1. Көңүлдү өзүнө тарткыдай, көңүлдү өзүнө тарткан, көңүл көтөрө турган. Кызык кинону көрүшкөн жумушчулардын көңүлү көтөрүлдү (Сасыкбаев). 2. Сонун. Өмүр эмгекке, турмушка байланыштуу болсо гана кызык болот (Сасыкбаев). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул). 3. Кызуу. Элдин бардыгы кызык уйкуга кирди (Жантөшев). Мал кызык төлдөп жаткан кез (Элебаев). 4. Тамаша, көңүл көтөргөн тамаша. Алар кызыкка батып, мектептин жанында ойноп жүрүшкөн эле (Сыдыкбеков). 5. Кызыкчылык. Мырзанын кызыгы үчүн жанды кыйнап, Казатта кармашкан биз, өңчөй жалчы («САЖИ»»).
сын. Кызык, кызыктыра турган, көңүлдү өзүнө бурарлык. Узак жолду кыскартуунун дарысы кызыктуу сөз (Абдумомунов). Самсахун жомогун өтө кызыктуу кылып айтты (Жантөшев).
Кызык, кызыктыра турган, көңүлдү өзүнө бурарлык. Узак жолду кыскартуунун дарысы кызыктуу сөз (Абдумомунов). Самсахун жомогун өтө кызыктуу кылып айтты (Жантөшев).
отвл. откызык I забавность, занимательность; бул пьесаны кызыктыгы үчүн гана элге көрсөтүүнүн кереги жок эту пьесу только из-за её занимательности показывать не следует (других достоинств у неё нет).
интерес; забавность; забава; иштин кызыкчылыгы талап кылат интересы дела требуют; коомдук кызыкчылыктар общественные интересы; окуткан студенттеринин жекече кызыкчылыгы менен түк эсептешпейт он совсем не считается с личными интересами студентов, которых обучает.
зат.1. Жакшы көргөндүк, ысыктык. Тууган балаңдан тутунган балаңдын кызыкчылыгы кайта артык болот (Баялинов).
2. Бирөөнүн пайдасын же белгилүү бир пайданы көздөгөн максат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатамын (Сасыкбаев). Эмгектен качып, өз кызыкчылыгын көздөгөн терс каармандардын кылыктары балдардын кыжырын кайнатты («Ала-Тоо»).
1. Жакшы көргөндүк, ысыктык. Тууган балаңдан тутунган балаңдын кызыкчылыгы кайта артык болот (Баялинов). 2. Бирөөнүн пайдасын же белгилүү бир пайданы көздөгөн максат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатамын (Сасыкбаев). Эмгектен качып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн кылыктары балдардын кыжырын кайнатты («Ала-Тоо»).
1. красный;
ураандар жазылган кызыл туулар красные знамёна с лозунгами;
кызыл көйнөк красная рубашка; красное платье;
кыздын көзү кызылда погов. девка любит красное (букв. глаза девицы на красном);
кызыл-тазыл разного рода красные предметы; 2. румяный (о человеке); румянец;
бетине кызыл жүгүрдү у него на лице появился румянец;
кызылым кетти өңүмдөн румянец сошёл с моего лица;
ак бетимдин кызылын арман, кайгы кетирди фольк. румянец с белого лица моего согнали печаль и горе; 3. (о масти) сивый;
көк кызыл сивый с тёмно-серыми пятнами;
кара кызыл сивый с заметными чёрными крапинками;
сары кызыл сивый с жёлтым (прожелть по белому фону);
ак кызыл светло-сивый;
кызыл буурул тёмно-сивый;
кызыл ооз (о коне) красногубый, с розоватыми губами; 4. ист. красный;
Кызыл Армия Красная Армия;
Кызыл гвардия Красная гвардия;
кызылдар красные; 5. (о чае) крепкий; 6. перен. обмолоченные и отвеянные хлебные злаки, чистое зерно (когда оно на току);
кызыл сапыр- веять (обмолоченное) зерно;
кызылга береке! пожелание работающим на току, соответствует русскому: "хорошего умолота!"; 7. перен. мясо;
бир тиштем кызыл кусочек мяса (только откусить);
кызылга кароо любитель мяса, любитель мясного;
кызылды көрсө, кыя өтпөгөн если он видит мясо, то мимо не пройдёт; 8. южн. название паразита зерновых посевов; 9. (чаще кызылдай) выражает сильную степень чего-л.;
кызылдай мас пьян вдрызг;
мени кызылдай союп урду он меня избил всего в кровь; он меня исколошматил;
кызылдай тоно- отобрать всё; ограбить начисто;
кызылдай кыргын кровавая резня;
кызылдай зордук неслыханное насилие;
кызылдай эле жаздым я здорово ошибся;
кызыл камчы (о человеке) жестокий;
кызыл чөл безжизненная пустыня;
кызыл уурулар ворюги;
кызыл-кыйма салгылаш общая свалка; отчаянная потасовка;
кызыл чок 1) красная шишечка (на шапке); 2) ист. китайский чиновник;
кызыл кыз красная девица (красивая и скромная);
кыз экенде - кызыл кыз, жаман катын кайдан чыкты? погов. все девицы - ангелы, а откуда жёны-черти берутся? (букв. в девицах - скромная девица, откуда же появилась дурная жена?);
кызыл бут холостяк;
кызыл кабык южн. дикий лук;
кызыл кийик южн. название дикого парнокопытного животного;
кызыл тебетей см. тебетей;
кызыл уук см. уук I;
кызыл жүгүрүк см. жүгүрүк;
кызыл май см. май I;
кызыл кулак см. кулак I.
2. Революциялык кыймылга тийиштүү, совет өкмөтүнө, советтик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда). Кызылдар да карап турбай, .. душмандын мизин кайтарууга чамдашты (Сасыкбаев).
3. Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат. Бир күнү куландан соо кетип баратып,.. кызыл ат шылк этип кулап түштү (Элебаев).
4. өт. Эт. Кайда чыкса кызылга, Кайкып учуп сабалап, Кайран жору конуптур (Каралаев).
5. өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан. Кырмандын ортосундагы кызылдын жанында Эркин отурат (Жантөшев). Жутабай карыя.. кызылдарды желге сапырууда (Баялинов).
♦ Кызыл-тазыл — кызыл аралаш ар түрдүү түс. Кызыл-тазыл кийинип, Кыздар үкү сайынган («Курманбек»). Кызылчийкил — кызылдуу агыш (өң, түс жөнүндө). [Алексеевдин] купкуу өңү кызыл чийкилге айланган (Жантөшев). Кызылжаянк.жаянII. КызылАрмия —Советтик Армиянын 1918-жылдан 1946-жылга чейинки аты. Кызылгвардияк.гвардия.Кызыласкер к. аскер. Кызылүйже кызылбурч — маданий-агартуу иштери үчүн бөлүнгөн үй же бөлмө. Көчмө кызыл үйү бар (Үсөнбаев). Кызыл бурчтарда агитаторлордун дежурствосу коюлган («Коммунист»). Кызылтакта — бетине иштин алдынкылары, жакшы иштегендер белгиленүүчү кызыл түскө боёлгон, көрүнөө жерде туруучу такта. Райондо, областта, союзда Кызыл такта кызматыңды жаздыбы (Нуркамал). Кызылкулак — алып сатар, нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу. Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев). Кызылчок к. чокII. Кызылашык к. ашыкII. Кызылжүгүрүкк. жүгүрүк. Кызылмайболуук. майI. Кызылкамчы к. камчы. Кызылчекеболуук. чеке. Кызылкекиртекк. кекиртек. Бетиндекызылыбар — уяттуу. Кызылкерегекылуук.кереге. Кызылболуу — кызыгуу, эңсөө. Кызылкырман к. кырман.
кызыл (өң, түс) кызыл ала кызыл-ала кылуу кызыл аскер кызыл ашык кызыл багымдат кызыл балык (зоол.) кызыл боор кызыл бөрк (зоол.) кызыл бүлдүркөн (бот.) кызыл бурч кызыл бут (бойдок) кызыл буурул кызыл гвардия кызыл жаян кызыл жүгүрүк кызыл жүк кызыл жылышуу (физ.) кызыл кабык (жапайы пияз) кызыл калтар кызыл камчы кызыл канаттар (зоол.) кызыл карагай (а. ч.) кызыл кекиртек кызыл кереге кызыл кетмен кызыл кийик кызыл китеп (ук.) кызыл койдой союу кызыл көйнөк кызыл көчүк көпөлөк (зоол.) кызыл күзөн (зоол.) кызыл кулак кызыл кулактык кызыл курт (сөөлжан) (диал.) кызыл кыз кызыл кыргын кызыл кырман кызыл май болуу кызыл мыя (бот.) кызыл өңгөч кызыл өңү саз болуу кызыл өрүк (а. ч.) кызыл сызык (иск.) кызыл сымак кызыл-тазыл кызыл такта кызыл тебетей (эск.) кызыл тил кызыл топурак (а. ч.) кызыл тору кызыл төштөр (зоол.) кызыл туу кызыл уук болуу кызыл уук кылуу кызыл үй кызыл фигуралуу стиль (иск.) кызыл чеке кызыл чеке ажыдаар (зоол.) кызыл чеке болуу кызыл чеке кашкалдак- тар (зоол.) кызыл чие кызыл чиедей кызыл чок (эск.) кызыл шуру (зоол.) кызыл эт кызыл ээк кызыл ээк чал
Азыркы кыргыз тилинде кызыл сөзү кыз+ыл бөлүктөрүнөн турат. Анын кыз уңгусунун өзү эле азыркы «кызыл» сөзүнүн маанисин берген. Андай экени кызар этишинин кыз+ар морфемаларынан турушу аркылуу далилденет. Кошумча далил катары алтай тилинде йажар этиши кыргыз тилиндеги «жашыл түскө кел» дегенге барабар келишин, анын уңгусу йаш экенин, -ыл мүчөсү экенин келтирүүгө болот. Башкача айтканда, кызыл, жашыл сөздөрүнүн уңгусу -кыз, -жаш, -ыл мүчөсү деп билүүгө болот. Болжолу, бул -ыл мүчөсү азыркы кыргыз тилиндеги чийки деген сын атоочтон чийкил сын атооч сөзү жасалган сыяктуу кыз деген уңгудан кайра эле сын атоочтук маани берген кызыл сөзү жасалышы мүмкүн.
1. Кандын ыраңындай түс. Алдыңкы кызыл желектүү машинадагылар тоону жаңыртып ырдашты (Сасыкбаев). 2. тар. Революциялык кыймылга тиешелүү, кеңеш өкмөтүнө, кеңештик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда). Кызылдар да карап турбай, душмандын мизин кайтарууга чамдашты (Сасыкбаев). 3. Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат. Бир күнү куландан соо кетип баратып, кызыл ат шылк этип кулап түштү (Элебаев). Кайда чыкса кызылга, Кайкып учуп сабалап, Кайран жору конуптур (Каралаев). 4. өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан. Кырмандын ортосундагы кызылдын жанында Эркин отурат (Жантөшев). Жутабай карыя кызылдарды желге сапырууда (Баялинов).
КЫЗЫЛБАШ — этноним. Эпосто Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин бири катары эскерилет:
Күн батыштын жагында
Кызылбаш бар, тарса бар,
Ашка келсе анча көп
Алакандай Анжыян
Ага буруш кандай кеп (Сагымбай Орозбаков, 3. 75).
Тарыхта (16-к.) Ирандагы ислам дининин бир багытын түзгөн шийиттер сунниттер менен согушкан учурда айырмаланып туруш үчүн кызыл баш кийим кийип жүргөндүктөн «Кызылбаш» деп аталган. 16-кылымда Орто Азия элдерине (өзбек, түркмөн, тажик, каракалпак) да диний согуштарды жүргүзүп келген. Ошондуктан, бул элдерде «Кызылбаш» деп жалпы эле түндүк чыгыш ирандыктарды атап, душман катары эсептешкен. Оозеки чыгармаларда да ошондой эле мааниде чагылдырылган.
очищать (зерно) при молотьбе, обмолачивать и отвеивать; буудай кызылда обмолачивать и отвеивать пшеницу; кызылдаган буудай чистая пшеница (обмолоченная и отвеянная).
Аябай, катуу токмоктоо, кызыл-ала кылуу. Ушундай дагы эр болобу, жыйырма-отуздай киши кызылдай сабап жатса, башы-көзүн жашырып да койгон жок (Токтогул).
Аябай, катуу токмоктоо, кызыл-ала кылуу. Ушундай дагы эр болобу, жыйырма-отуздай киши кызылдай сабап жатса, башы-көзүн жашырып да койгон жок (Токтогул). В.: Кызылдай союу. Жиндердин ачуусу аябай келди, ошентип, мени кызылдай соё башташты («Жомоктор»).
КЫЗЫЛ ДӨӨ — мифтик кейипкер. «Буттары бар мунардай, Колдору бар чынардай» жомоктук элдин башчысы (Сагымбай Орозбаков, 3. 13). Көкөтөйдүн ашына кабар берилип, чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99—100).
1. имеющий в своём составе сивых (коней) или что-либо красное; кызылдуу жылкы лошади, среди которых много сивых (ср. кызыл 3); 2. румяный, краснощёкий; өңү кызылдуу жаш келин румяная молодуха; бети кызылдуу, сепкили жок лицо у неё румяное, веснушек нет; кызылдуу жигит совестливый, надёжный парень; кызылдуу жер место, поросшее хорошей растительностью.
Бир аз, анча-мынча кийим-кечелүү болуп, үстү бүтөлүп калуу, оңоло түшүү. Байкем менен жеңемин турмушун көрүп зээним кейийт. Кызыл жабар болушсунчу деп кездеме алып бардым эки-үч курдай (Жапаров).
Бир аз, анча-мынча кийим-кечелүү болуп, үстү бүтөлүп калуу, оңоло түшүү. Байкем менен жеңемин турмушун көрүп зээним кейийт. Кызыл жабар болушсунчу деп кездеме алып бардым эки-үч курдай (Жапаров).
КЫЗЫЛ-ЖАР — топоним. Эпосто Семетей баатыр чоролорунан: «Шемей калаа, Кызыл-Жар, Аны көргөн барсыңбы?» (Радлов жазып алган вариант 312),— деп сураганда эскерилет. Казакстандагы Семей (Шемей) калаасы менен катар айтылганына караганда ага жакыныраак жайгашкан мурдагы К.-Ж. (азыркы Петропавловск) шаары жөнүндө баяндалып жатканын айтууга болот.
КЫЗЫЛ ЖИЙДЕ — топоним. Кырк чоро биринчи жолу качканда Семетей артынан кууп жетип элдешип, Таласка кайра алып келген жер. Географиялык реалия катары Иленин боюндагы жерлердин бири.
Ырайымсыз, аялга катаал. Кызыл камчы шыпайдар («Семетей» С. К.). – О, кызыл камчы зулум, мен саа аяш белем?! Мындай каардуу кызыл камчыны ким көргөн (Сыдыкбеков). – О кудай урган келесоо, деле камчысынын кызылын кантесиң (Акматов).
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»).
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»),
1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат («Ала-Тоо»). Көрчү тигил кызыл кекиртек старчын да байдын таламын талашып, жан-алы калбай жагынып жатат (Абдукаримов). 2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. «Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз», - деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган (Абдукаримов). Кызыл кекиртектин айынан мында келдим (Абдукаримов). Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет (макал).
1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат («Ала-Тоо»). Көрчү тигил кызыл кекиртек старчын да байдын таламын талашып, жан-алы калбай жагынып жатат (Абдукаримов). 2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. «Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз», – деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган (Абдукаримов). Кызыл кекиртектин айынан мында келдим (Абдукаримов). Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет (макал).
1. Боз үйдүн үзүк, туурдугун сыйыруу, жалгыз кереге-уугу калуу. Тезинен боз үйдү кызыл кереге кылып сыйрып жиберишти (Касымбеков). Ал эми ортодогу алты канат ак үйдү эл кызыл кереге кылып, токсон тогуз курчап турушту (Көчкөнов).
2. Кыргын салуу, үй мүлкүн талоо, талкалоо, эч нерсесин калтырбай олжолоп кетүү. Акарат кылган сасыткылардын өздөрүн жүндөй сабап, айылын кызыл кереге кылып, талап келгиле (Аалы).
1. Боз үйдүн үзүк, туурдугун сыйыруу, жалгыз кереге-уугу калуу. Тезинен боз үйдү кызыл кереге кылып сыйрып жиберишти (Касымбеков). Ал эми ортодогу алты канат ак үйдү эл кызыл кереге кылып, токсон тогуз курчап турушту (Көчкөнов). 2. Кыргын салуу, үй мүлкүн талоо, талкалоо, эч нерсесин калтырбай олжолоп кетүү. Акарат кылган сасыткылардын өздөрүн жүндөй сабап, айылын кызыл кереге кылып, талап келгиле (Токомбаев). В.: Кызыл уук кылуу. – Кана, батаңарды бергиле, мен азыр жигиттеримди баштап, букараны кызыл уук кыламын (Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов). «Биз кол көтөрбөсөк да, казан-аякты талкалап, үйдү астын-үстүн кылып, кызыл уук кылып кетишти!» деп, улукка чуркурап ыйлап арыздангыла! (Үмөталиев).
эск. Баатырдын, кандын, эл башында турган адамдын үстүнө кызыл кийип, сары менен башын ороосу, согуштун белгиси, жоого аттанып жортуулга чыгуунун белгиси. Кызылды Манас кийиптир – Кыргызга кылар каары бар, Кызылды эндей жамынып, Кылар иши дагы бар. Сарыны башка чалган соң, Бир шумдук кылар чагы бар! Муну айтышып баарысы, Муңайышып калышты («Манас» С. О.). Кызыл кийип үстүнө, сары селде чалынып («Манас» С. О.).
КЫЗЫЛ КИТЕП – өзгөчө коргоо тартибин киргизип, андан ары башын көбөйтүү максатында белгиленген мыйзам тартиби аркылуу бекитилүүчү жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек жаныбарлар тууралуу маалыматтардын жыйындысы.
Сейрек жолугуучу жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн таралуусу, саны, биологиясы жана аларды коргоо чаралары жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган китеп. Кызыл китепке жок болуу алдындагы, азайып бараткан, сейрек кезигүүчү, толук изилденген, калыбына келген жаныбар, өсүмдүктөрдүн түрлөрү катталган.
Соодада өздөрүнүн товарларын башка нерселерге айырбаштоо. Кайта келип акчасын кызыл козуга өткөрөт да, бир жыл ичинде жүз коюн миңге жакын койго айландырат (Убукеев).
Бир нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу алып сатар, чайкоочу. Борбордогу кымызга көптөн бери арам акча, оңой олжо тапкан кызыл кулактар ээ болуп келатышат. Ушул унутчаак жеңебиз кызыл кулактын кызы болуп жүрбөсүн (Тойбаев). Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).
Ашыкча пайда табуу үчүн болгон соодагерчилик, алып сатуучулук. Кызыл кулактыкты Кемин өрөөнү боюнча мындан мыкты билгени жок («Чалкан»). Кызыл кулактык кылбаңыз, жеңе (Тойбаев).
Бир нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу алып сатар, чайкоочу. Борбордогу кымызга көптөн бери арам акча, оңой олжо тапкан кызыл кулактар ээ болуп келатышат («Советтик Кыргызстан»). Ушул унутчаак жеңебиз кызыл кулактын кызы болуп жүрбөсүн (Тойбаев). Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).
Ашыкча пайда табуу үчүн болгон соодагерчилик, алып сатуучулук. Кызыл кулактыкты Кемин өрөөнү боюнча мындан мыкты билгени жок («Чалкан»). Кызыл кулактык кылбаңыз, жеңе (Тойбаев).
КЫЗЫЛ-КУМ — топоним. Алооке кандын жери. Ал Манаска колго түшүп калганда:
Агала чап, Кызыл-Кум,
Аңчы барса жыргаган.
Ойнобой бенде турбаган,
Кымбат баа жерим бар (Саякбай Каралаев, 1. 211), жанымды аман калтыр, ушул жеримдин баарын берейин деп жалынып турганда айтылат. Географиялык реалияда Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгындагы чөл.
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун саксактоодо (Бейшеналиев). В.: Кызыл кыргын, кара сүргүн. Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айыгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун сак-сактоодо (Бейшеналиев).
к. КЫЗЫЛ КЫРГЫН
Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык деди апам («Ала-Тоо»).
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. «Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык» деди апам («Ала-Тоо»).
Бышыкчылык болуп, кырманга эгин толуп турган кез, кырман бастырып, эгин жыйнап алуунун кызуу учуру. Кызыл кырман маалы келди жаңырып, Эркек-аял эмгек нурун жамынып (Калык). Жакшы убак. Кызыл кырман, темин маалы Көңүлдү кубандырып жаңы даны (Осмонов).
КЫЗЫЛ-КЫЯ — топоним. Эпос боюнча Манас адеп Кошойго жолугаардын алдында К.-К. аттуу жолдон өткөндүгү айтылат:
Жер байкаган сыягы,
Үч-Каркыра басты дейт.
Кызыл-Кыя кымбат жол,
Кылт этип ашып түштү дейт (Курама вариант, 1. 74).
Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн түндүк чыгышындагы тоо, ашуу.
1. Семиз малдын (көбүнчө жылкынын) кыйналуу, табынан жануу, дартка чалдыгуу, арыктоосуна карата айтылат. Үйүрдөгү айгыры кызыл май болгон (Осмоналиев). 2. Кыйналгандан каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо, зоругуу. Чаржайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук, тер басып (Элебаев). Жөндөн-жөн эле далбастап, кара жаныңарды карч уруп, кыйналып, тоо коюнун бүтүндөй тинтип, кызыл май боло бербегиле (Мавлянов).
1. Семиз малдын (көбүнчө жылкынын) кыйналуу, табынан жануу, дартка чалдыгуу, арыктоосуна карата айтылат. Үйүрдөгү айгыры кызыл май болгон (Осмоналиев). 2. Кыйналгандан каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо, зоругуу. Чаржайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук, тер басып (Элебаев). Жөндөн-жөн эле далбастап, кара жаныңарды карч уруп, кыйналып, тоо коюнун бүтүндөй тинтип, кызыл май боло бербегиле (Мавлянов). В.: Кызыл май кылуу. Кыпчактын Ак-Шыйрагын семизинде тер алдырып алып, кызыл май кылып алыптыр (Көчкөнов). Өзүңөрдү убара кылып, атыңарды кызыл май кылып... деп жасоолдорду аяган киши болду (Осмоналиев).
Катуу кыйналтуу, зоруктуруу. Кыпчактын Ак-Шыйрагын семизинде тер алдырып алып, кызыл май кылып алыптыр (Көчкөнов). Өзүңөрдү убара кылып, атыңарды кызыл май кылып... деп жасоолдорду аяган киши болду (Осмоналиев).
КЫЗЫЛ-ОМПОЛ — топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда:
Кызыл-Омпол дөбөсү, Кароолго чыгып келгени Кызыталак капырдын Шамың шаа деген төрөсү (Сагымбай Орозбаков, 2. 102),— деп кароол караган дөбө катары берилет. Экинчи бир жерде «Омполдун кызыл тоосу» (Сагымбай Орозбаков, 2. 101) деп айтылат. Географиялык реалияда Кызыл-Омпол Кыргыз Ала-Тоонун чыгыш уландысы, Ысык-Көл өрөөнүнүн батышындагы тоо.
КЫЗЫЛ-СУУ — топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда:
Кызыл-Суунун башына Кызматыңа бардык деп, Кыжылдаган кол көрүп Кыргын таап калдык деп (Сагымбай Орозбаков, 2. 125 — 126) айтылат. К.-С. шаар катары да сүрөттөлөт:
Ырамандын баласы
Кызыл-Сууда калаасы
Атын уксаң Каратай
Акындыгы бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 92).
Географиялык реалияда К.-С. Ысык-Көлдүн тескейиндеги жер, суу.
Шаар курууда аянт, көчө, магистраль, өткөөл аймактарын курулуш түшчү аймактан бөлүп туруучу шарттуу чек. Кызыл сызык курулуш ишинде коопсузудкту жана тартипти камсыз кылат.
«кызыл аралаш ар түрдүү түс» (КТС 2010:860); «разного рода красные предметы» (Юдахин 1965:478). Мындагы тазыл деген компонент азыр өз алдынча колдонулбайт жана мааниси да унутулуп калган. Сыягы, бул сөздүн төркүнү байыркы тилибиздеги тат (азыркы дат, темирдин даты) (ДТС 1969:541) деген сөзгө барып такалат. Буга –ар мүчөсүнүн жалганышы менен татар этиши пайда болуп, «дат баскан түскө келүү» маанисин туюндурган. Якут жана уйгур тилдеринде бүгүнкү күндө да өз алдынча колдонулат. Ал эми кыргыз тилинде кызарып-татарып, көгөрүп-татарып деген кош сөздөрдүн курамынан кездешет. К.Сейдакматовдун ою боюнча, бул компоненттин көг-өр жана кыз-ар деген эки башка түстү билдирген атоочтордон уюшулган этиштер менен бирге колдонулушу металлдардын дат басканда ар башка түскө ээ болушу менен түшүндүрүлөт. (Сейдакматов 1988:216).
Кызыл сын атоочу кыз-ар деген этиш сыяктуу кызы деген уӊгуга –ыл мүчөсүнүн жалганышы менен жаралганына таянып, тазыл сын атоочу да адегенде тат-ыл шекилинде пайда болуп, кийинчерээк чогуу колдонулуп жүргөндүктөн кызылдын таасири менен тазыл болуп калса керек болжолдоого болот. Жогоруда кызыл-тазыл кош сөзүнүн «кызыл аралаш ар түрдүү түс» деп чечмеленип жатышы да металлдардын дат басканда ар башка түскө ээ болушу менен байланыштуу болсо керек. Кызыл-тазыл кырмызы, Кыргагын тартсам бөлүнбөйт, Кыжылдаган манжуудан Сага кылчаяр адам көрүнбөйт. («Манас»)
тар. 1. Хандын белгиси катары өзгөчө тигилген баш кийим. Кыргызда ар элдин бир кызыл тебетейи бар деген сөз калетсиздей (Бейшеналиев). 2. Хан, бек. Булар кызыл тебетей болгон Казатты өлтүрүшкөн (Осмоналиев). Байымбет уулубуз азуусун айга жаныган чоң болушка, ыман, чоронун мүлдө кызыл тебетейлерине жакты (Бейшеналиев).
тар. 1. Хандын белгиси катары өзгөчө тигилген баш кийим. 2. өт. Хан, бек. Кыргызда ар элдин бир кызыл тебетейи бар деген сөз калетсиздей (Бейшеналиев). Булар кызыл тебетей болгон Казатты өлтүрүшкөн (Осмоналиев). Байымбет уулубуз азуусун айга жаныган чоң болушка, ыман, чоронун мүлдө кызыл тебетейлерине жакты (Бейшеналиев).
Чукугандай сөз тапкан, чечендиктин, мыкты ырдай билүүнүн, сүйлөй билүүнүн белгиси, символу катары колдонулат. Өнөр алды - кызыл тил (макал). Өзүнүн кызыл тилин кыябы менен безеп, сөз талашканда алдына жан салбайт (Нурпеисов). Жетимиштен ашканча, Кызыл тилиң безеди (Тоголок Молдо).
Чукугандай сөз тапкан, чечендиктин, мыкты ырдай билүүнүн, сүйлөй билүүнүн белгиси, символу катары колдонулат. Өнөр алды – кызыл тил (макал). Өзүнүн кызыл тилин кыябы менен безеп, сөз талашканда алдына жан салбайт (Нурпеисов). Жетимиштен ашканча, Кызыл тилин безеди (Тоголок Молдо).
к. КЫЗЫЛ КЕРЕГЕ КЫЛУУ
- Кана, батаңарды бергиле, мен азыр жигиттеримди баштап, букараны кызыл уук кыламын (Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов). «Биз кол көтөрбөсөк да, казан-аякты талкалап, үйдү астын-үстүн кылып, кызыл уук кылып кетишти!» деп, улукка чуркурап ыйлап арыздангыла! (Үмөталиев).
Iзат. Жашылча, тоют катары колдонулуучу же кант чыгаруу максатында иштетилүүчү техникалык өсүмдүк жана ушул өсүмдүктүн кызыл, ак түстөгү тамыры, түбү. Кызылча казуу кызуу жүрө баштаган учур («Ала-Тоо»). Кызылчаны көп алып, Эмгегиң менен шаттандың (Үмөталиев). Алтын пахта, кант кызылча айдалган (Калык).
КЫЗЫЛЧАIIзат. Кызамык, кызамык оорусу. Быйыл жазга жуук айылды кызылча каптап, жыйырма бир баланы алып кетти (Жантөшев).
Жашылча, тоют катары колдонулуучу же кант чыгаруу максатында иштетилүүчү техникалык өсүмдүк жанаушул өсүмдүктүн кызыл, ак түстөгү тамыры, түбү. Кызылча казуу кызуу жүрө баштаган учур («Ала-Тоо») Кызылчаны көп алып, Эмгегиң менен шаттандың (Үмөталиев). Алтын пахта, кант кызылча айдалган (Калык).
зат. Кызылча багып өстүрүүчү. Ар бир кызылчачы адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев). Кызуулап калган жумушту, Кызылчачы Зууракан (Осмонкул).
Кызылча багып өстүрүүчү. Ар бир кызылчачы адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев). Кызуулап кылган жумушту, Кызылчачы Зууракан (Осмонкул).
Талашып-тартышып, кызаңдашкан абалга жетүү, катуу урушуп калуу. Алар менен чеке болушпай, жөндүү мамиледе болүңуз (Егиналиев). Коомдук жерде кызыл чеке болуп, итче тытышып жатышса тим коймок беле, тиешелүү жерге алып барышты («Чалкан»). Бул шылдың Аскардын сай сөөгүн сыздатып, чатак кызыл чеке болуп мушташууга чейин ырбады (Исмаилов).
Талашып-тартышып, кызаңдашкан абалга жетүү, катуу урушуп калуу. Алар менен кызыл чеке болушпай, жөндүү мамиледе болуңуз (Егиналиев). Коомдук жерде кызыл чеке болуп, итче тытышып жатышса тим коймок беле, тиешелүү жерге алып барышты («Чалкан»). Бул шылдың Аскардын сай сөөгүн сыздатып, чатак кызыл чеке болуп мушташууга чейин ырбады (Исмаилов).
к. КЫЗЫЛ ЧИЕДЕЙ
Биринен бири кичине кызыл чие беш бала көздөрүн бажырайта, улам бири мурдун шуу тартып, ата айткан жомокту кулакка куюп отурушчу (Сыдыкбеков). Казак уук матап, кереге көктөп, адал эмгек менен кызыл чие балдарын ырыскысыз калтырчу эмес (Сыдыкбеков).
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек балдар. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»).
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»). В.: Кызыл чие. Биринен бири кичине кызыл чие беш бала көздөрүн бажырайта, улам бири мурдун шуу тартып, ата айткан жомокту кулакка куюп отурушчу (Сыдыкбеков). Казак уук матап, кереге көктөп, адал эмгек менен кызыл чие балдарын ырыскысыз калтырчу эмес (Сыдыкбеков).
КЫЗЫЛ-ЧОК — кытай жана калмак башкаруучуларынын баш кийиминдеги мансабын көрсөтө турган атайын белги. Мисалы, эпосто « Кызыл чок кытай журтунан» (Сагымбай Орозбаков, 1. 80), «Кызыл чоктуу көп ойрот, Мени кытай кайдан соо коёт?!» (Сагымбай Орозбаков, 1. 115) — деген сыяктуу саптар көп жолугат. Радлов жазып алган вариант боюнча ата-энеси жана эли мусулман болууну каалабаган соң Алмамбет кыргыздарды көздөй «кызыл чоктуу ойроттун канын өлтүрүп» (Радлов жазып алган вариант 19) качат. «Кызыл чоктуу ойротту өрт күйгөн эмедей сапырып», күн чыгышка сүрөт да, «Каапырдын каны болгончо мусулман кулу болоюн,» — деп кыргыздарга келет.
1. тар. Кытай кызматкери, атка минери. Кызыл чок, ак эшикчи, үйөздөрүм, Эл урган жаман эле мүнөздөрүң (Тоголок Молдо). 2. тар. Жергиликтүү башкаруу уюмдарынын чабарманы. Биз барганда кызыл чоктор бирөөнү ортого алып, өлөрчө тепкилеп жаңы тургузду (Элебаев). Келди да Мамбетти «аттан түшкүн» деди, «Кызыл чок деген мен бир күчмүн» деди (Турусбеков). Шертай мындай кызыл чоктон канча адамды сактап калбады (Бердикеев).
Азап, шор, кыйынчылык. Кызыл чиедей беш бала менен кызыл чоктун ичинде калдым («Кыргызстан маданияты»). Душманыңа калганда, Жалындуу кызыл чок элең (Барпы). Кызыл чоктун ичинде, Болбогонго бир күйөм (Барпы).
тар. Жергиликтүү башкаруу органдарынын чабарманы. Келди да Мамбетти «аттан түшкүн» деди, «Кызыл чок деген мен бир күчмүн» деди (Турусбеков). Шертай мындай кызыл чоктон канча адамды сактап калбады (Бердикеев).
Татынакай, жакшынакай, бардыгы келишкен (аялга карата айтылат). Шамбеттин тирүү кезинде Калыйпа кызылы кызыл, агы ак, балкыйган ак-саргыл аял эмес беле (Бердикеев). «Кайни?! Мендей бозала абышканы кантип кайним дейт бу кызылы кызыл, агы ак буралган жаш келин?!» деди бир ою... (Касымбеков).
Татынакай, жакшынакай, бардыгы келишкен (аялга карата айтылат). Шамбеттин тирүү кезинде Калыйпа кызылы кызыл, агы ак, балкыйган аксаргыл аял эмес беле (Бердикеев). «Кайни?! Мендей боз ала абышканы кантип кайним дейт бу кызылы кызыл, агы ак буралган жаш келин?!» деди бир ою... (Касымбеков).
Жаңы төрөлгөн баланы, айбандардын балдарынын жаңы туулган кездегисин, канаттуулардын балапандарынын жүнү чыга электегисин билдирүүдө колдонулат. Кантип ошо кудайдын жиберген алааматы кызынын мобу кызыл эт болуп турган күнөөсүз периштедей наристе балдарына келип тийсин (Абдукаимов). Кызыл эт кезинде эле комуз менен ушунчалык ынак болгон баланы башка кесипке бурууга болобу? (Каимов).
Жаңы төрөлгөн баланы, айбандардын балдарынын жаңы туулган кездегисин, канаттуулардын балапандарынын жүнү чыга электигисин билдирүүдө колдонулат. Кантип ошо кудайдын жиберген алааматы кызынын мобу кызыл эт болуп турган күнөөсүз периштедей наристе балдарына келип тийсин (Абдукаимов). Кызыл эт кезинде эле комуз менен ушунчалык ынак болгон баланы башка кесипке бурууга болобу? (Каимов).
Абдан карыган, карылыгы жеткен, оозунда тиши жок (кемпир-чалга карата). Токтогулдун айрым обон, күүлөрүн кызыл ээк болсо да, таңдана кагазга түшүрүптүр (Бейшеналиев).
Абдан карыган, карылыгы жеткен, оозунда тиши жок (кемпир-чалга карата). Токтогулдун айрым обон, күүлөрүн кызыл ээк болсо да, таңдана кагазга түшүрүптүр (Бейшеналиев). Кызыл ээк кемпир. Кызыл ээк абышка.
(или кызымтал мас) полупьяный, пьяненький, под хмельком, подвыпивший; кымыз ичип, кызымтал болду он выпил кумыса и слегка охмелел; кызымтал болуп кызыды он охмелел и разошёлся (пришёл в приподнятое настроение).
Кызыр I то же, чтоКыдыр I; Кызыр чалган или Кызыр колдогон или Кызыр конгон сопутствуемый удачей, удачливый; өмүрүңөр узун болсун, жолдошуңар Кызыр болсун! живите долго, пусть вам сопутствует Хизр! кызыр II то же, чтокысыр.
КЫЗЫР, Кыдыр (арабча хызыр — жашыл деген мааниде) — адамдарга жакшылык кылуучу олуя. Түрк, иран элдеринин жомокторунун байыркы кейипкерлеринин бири, көбүнчө жашыл тончон, ак ат минген аксакал карыя түрүндө сүрөттөлөт. Бул табышмактуу пайгамбар өлбөстүн дарысын издеп, акыры мүрөктүн суусунун булагын тапкан экен. Орто Азия элдеринин түшүнүк, ишениминде К. түбөлүк жер кезүүчү, адашкан жолоочуларга, кедей-кембагалдарга жана кыйын кезеңге туш келген бардык пенделерге жардам көрсөтөт. К. жолоочу дубана, майып киши, кээде тааныш кишинин кебетесинде кездешет. К-ды оң колун кармап, анын баш бармагынын сөөгү жок экенинен таанууга болот деп эсептешкен. Түрк элдеринин эпосторунда К. акылман карыя, баатырлардын колдоочусу катары айтылат. «Манас» эпосунда бул кейипкер баш каарман Манаска, башка элдик баатырларга колдоо көрсөтүүчү катары учурайт.
миф. Элдик аңыздарда көбүнчө ак сакалдуу карыя, колдоочу маанисинде колдонулат. Кызыр чалган кабылан, Кудуретке жалынып, Каарданып жайланап, Зулпукорду байланып («Манас»).
КЫЗЫР ИЛИЯС — кудуреттүү күчкө ээ, касиеттүү колдоочу. «Манас» эпосунда кырк чилтен менен бирге Манастын колдоочуларынын бири катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 114). Илияс — куранда пайгамбар. Сууга аккандарга, чөккөндөргө жардам кылат. Семетейди Үргөнчтөн кечүүгө жардам бергени, колдогону сүрөттөлөт: «Суунун пири Илияс Азыр акең жар болуп, Ошол жерде бар болуп, Семетейди жылоосунан алды дейт» (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 114-б.).
раздражаться, злиться, свирепеть; кызырканган үн менен раздражённым голосом; кызырканып, эр Кыяз мыктап кирип барды эле фольк. рассвирепев, богатырь Кыяз со всей силой вступил в схватку.
Кыжырдануу, жини келүү, туталануу. Тоотору тулпар ат минип, Кызырканып эр Кыяз Мыктап кирип барды эле («Сейтек»). Жоо-жарагын шайланды, Кызырканып кыраан уул, Кыны жок кылыч байланды («Сейтек»).