Киргизско-русский словарь Юдахина
кызык I
интересный, забавный, занимательный;
"болду" дегенден "болот-болот" дегени кызык погов. "будет, будет" интереснее, чем "было" (о чём-л. приятном: интереснее ожидать, чем вспоминать);
кызыгына бат- насладиться чем-л. вдоволь;
мына кызык! странно!; вот ещё!; вот тебе на!;
кызык уруш салып устроив большое побоище.
кызык- II
заинтересоваться, проявить интерес, разохотиться, раззадориться;
оюнга кызыгып, тамакты ичкей калдым я увлёкся игрой и не поел;
сөзүнө кызыгып, уйкум ачылып кетти я так заинтересовался его рассказом, что у меня и сон прошёл.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Көңүлдү өзүнө тарткыдай, көңүлдү өзүнө тарткан, көңүл көтөрө турган. Кызык кинону көрүшкөн жумушчулардын көңүлү көтөрүлдү (Сасыкбаев).
  1. 2.           Сонун. Өмүр эмгекке, турмушка байланыштуу болсо гана кызык болот (Сасыкбаев). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул).
  2. 3.           Кызуу. Элдин бардыгы кызык уйкуга кирди (Жантөшев). Мал кызык төлдөп жаткан кез (Элебаев).
  3. 4.           Тамаша, көңүл көтөргөн тамаша. Алар кызыкка батып, мектептин жанында ойноп жүрүшкөн эле (Сыдыкбеков).
  4. 5.           Кызыкчылык. Мырзанын кызыгы үчүн жанды кыйнап, Казатта кармашкан биз, өңчөй жалчы («САЖИ»).

КЫЗЫК II этиш. Көңүл бөлүү, суктануу. [Сабыр] айланага кызыга карады (Сыдыкбеков). Жаш балдар таттыга кызыгып, өз алдынча кужураша баштады (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көңүлдү өзүнө тарткыдай, көңүлдү өзүнө тарткан, көңүл көтөрө турган. Кызык кинону көрүшкөн жумушчулардын көңүлү көтөрүлдү (Сасыкбаев). 2. Сонун. Өмүр эмгекке, турмушка байланыштуу болсо гана кызык болот (Сасыкбаев). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул). 3. Кызуу. Элдин бардыгы кызык уйкуга кирди (Жантөшев). Мал кызык төлдөп жаткан кез (Элебаев). 4. Тамаша, көңүл көтөргөн тамаша. Алар кызыкка батып, мектептин жанында ойноп жүрүшкөн эле (Сыдыкбеков). 5. Кызыкчылык. Мырзанын кызыгы үчүн жанды кыйнап, Казатта кармашкан биз, өңчөй жалчы («САЖИ»»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
отвл. от кызык I
забавность, занимательность;
бул пьесаны кызыктыгы үчүн гана элге көрсөтүүнүн кереги жок эту пьесу только из-за её занимательности показывать не следует (других достоинств у неё нет).

Киргизско-русский словарь Юдахина
интерес; забавность; забава;
иштин кызыкчылыгы талап кылат интересы дела требуют;
коомдук кызыкчылыктар общественные интересы;
окуткан студенттеринин жекече кызыкчылыгы менен түк эсептешпейт он совсем не считается с личными интересами студентов, которых обучает.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жакшы көргөндүк, ысыктык. Тууган балаңдан тутунган балаңдын кызыкчылыгы кайта артык болот (Баялинов).
2. Бирөөнүн пайдасын же белгилүү бир пайданы көздөгөн максат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатамын (Сасыкбаев). Эмгектен качып, өз кызыкчылыгын көздөгөн терс каармандардын кылыктары балдардын кыжырын кайнатты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жакшы көргөндүк, ысыктык. Тууган балаңдан тутунган балаңдын кызыкчылыгы кайта артык болот (Баялинов). 2. Бирөөнүн пайдасын же белгилүү бир пайданы көздөгөн максат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатамын (Сасыкбаев). Эмгектен качып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн кылыктары балдардын кыжырын кайнатты («Ала-Тоо»).