Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көңүлдү өзүнө тарткыдай, көңүлдү өзүнө тарткан, көңүл көтөрө турган. Кызык кинону көрүшкөн жумушчулардын көңүлү көтөрүлдү (Сасыкбаев). 2. Сонун. Өмүр эмгекке, турмушка байланыштуу болсо гана кызык болот (Сасыкбаев). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул). 3. Кызуу. Элдин бардыгы кызык уйкуга кирди (Жантөшев). Мал кызык төлдөп жаткан кез (Элебаев). 4. Тамаша, көңүл көтөргөн тамаша. Алар кызыкка батып, мектептин жанында ойноп жүрүшкөн эле (Сыдыкбеков). 5. Кызыкчылык. Мырзанын кызыгы үчүн жанды кыйнап, Казатта кармашкан биз, өңчөй жалчы («САЖИ»»).