КЫЗЫЛ УУК КЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)к. КЫЗЫЛ КЕРЕГЕ КЫЛУУ
- Кана, батаңарды бергиле, мен азыр жигиттеримди баштап, букараны кызыл уук кыламын (Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов). «Биз кол көтөрбөсөк да, казан-аякты талкалап, үйдү астын-үстүн кылып, кызыл уук кылып кетишти!» деп, улукка чуркурап ыйлап арыздангыла! (Үмөталиев).