Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү өлчөмдөгү акы үчүн акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон айрым тармагында иштелген иш, кесип. Сени азырынча заводдун көмөк жумуштарын тейлөө кызматына алалык (Сасыкбаев). Кызматка жарым саат эрте келип, жарым саат кеч кетем (Каимов). Кызмат таап бергин деп, Жалдырап Ашым жабышты (Осмонкул). 2. Эмгек, жумуш, иш. Кычкачка кармап зер чапкан, Кызматы менен мал тапкан (Тоголок Молдо). Кээде көмүр, кээде чоюн, таш тартат, Жаралгандан оор кызмат аткарат (Осмонов). 3. Бирөө үчүн иштелген иш, бирөөгө кылган жакшылык, пайда, жардам ж. б. аракет. Шамбет кызматын көрсөтүп, тигил карыны машинадан түшүрүп койду (Сыдыкбеков). Силердин кызматыңарды актоого менин кубатым келет (Абдукаримов). Жаштары ары-бери чуркап кызмат кылып жүрүшөт (Абдукаримов).