ар. служба; работа (не на себя); аскер кызматы военная служба; кызмат? чем могу служить? кызматыңызга даярмын я к вашим услугам; аягы менен тик туруп, кызмат кылды он очень радушно принимал (напр. гостей).
зат.1. Белгилүү өлчөмдөгү акы үчүн акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон айрым тармагында иштелген иш, кесип. Сени азырынча заводдун көмөк жумуштарын тейлөө кызматына алалык (Сасыкбаев). Кызматка жарым саат эрте келип, жарым саат кеч кетем (Каимов). Кызмат таап бергин деп, Жалдырап Ашым жабышты (Осмонкул).
2. Эмгек, жумуш, иш. Кычкачка кармап зер чапкан, Кызматы менен мал тапкан (Тоголок Молдо). Кээде көмүр, кээде чоюн, таш тартат, Жаралгандан оор кызмат аткарат (Осмонов).
3. Бирөө үчүн иштелген иш, бирөөгө кылган жакшылык, пайда, жардам ж. б. аракет. Шамбет кызматын көрсөтүп, тигил карыны машинадан түшүрүп койду (Сыдыкбеков). Силердин кызматыңарды актоого менин кубатым келет (Абдукаримов). Жаштары ары-бери чуркап кызмат кылып жүрүшөт (Абдукаримов).
♦ Аскеркызматындаболуужеармиядакызматкылуу — белгилүү мөөнөткө чейин аскердик милдетти аткаруу. Закий аскер кызматынан келип, проходчик болуп иштеп жатат (Сасыкбаев). Табылды.. армияда кызмат кылат (Сыдыкбеков).
service (noun)
A website or service that a customer can connect in order to share what they've been doing on other websites, see their friends and their updates from other services in Windows Live, or share their Windows Live activity on other websites.
кызмат, кызматты, кыз- маты кызмат абалы кызмат абалынан пайдалануу (ук.) кызмат адамы кызмат акы кызмат кылмыштары кызмат мөөнөтү кызмат орду кызмат тартиби кызмат сыры кызматтан бошотуу кызматтан убактылуу четтетүү (ук.) кызматтык жер аянты (ук.) кызматтык иш сапары (ук.) кызматтык ыйгарым укуктар
1. Белгилүү өлчөмдөгү акы үчүн акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон айрым тармагында иштелген иш, кесип. Сени азырынча заводдун көмөк жумуштарын тейлөө кызматына алалык (Сасыкбаев). Кызматка жарым саат эрте келип, жарым саат кеч кетем (Каимов). Кызмат таап бергин деп, Жалдырап Ашым жабышты (Осмонкул). 2. Эмгек, жумуш, иш. Кычкачка кармап зер чапкан, Кызматы менен мал тапкан (Тоголок Молдо). Кээде көмүр, кээде чоюн, таш тартат, Жаралгандан оор кызмат аткарат (Осмонов). 3. Бирөө үчүн иштелген иш, бирөөгө кылган жакшылык, пайда, жардам ж. б. аракет. Шамбет кызматын көрсөтүп, тигил карыны машинадан түшүрүп койду (Сыдыкбеков). Силердин кызматыңарды актоого менин кубатым келет (Абдукаримов). Жаштары ары-бери чуркап кызмат кылып жүрүшөт (Абдукаримов).
КЫЗМАТ АБАЛЫНАН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНУУ – кызмат адамынын өз кызмат абалынан кызмат кызыкчылыгына кайчы келген пайдалануусунан көрүнгөн, эгер ал жосун жарандар менен юридикалык жактардын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузулуусун алып келсе, КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кызматтык кылмыш.
КЫЗМАТ АДАМЫ – мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында такай же убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча, бийлик өкүлүнүн милдетин ишке ашыруучу, же болбосо уюштуруу-тейлөө-тескөө, административдик-чарбачылык ишмилдетин аткаруучу адам.
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУГУН ЭНЧИЛЕП АЛУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттик бийликке, мамлекеттик кызмат кызыкчылыгына каршы багытталган кылмыш; мамлекеттик наамды же кызмат адамынын бийлигин өзалдынча ээлеп алуу менен жасалган кандайдыр бир коомчулукка коркунуч келтире турган иш-аракет.
overhead (noun)
Work or information that provides support - possibly critical support-for a computing process but is not an intrinsic part of the operation or data. Overhead often adds to processing time but is generally necessary.
service agreement (noun)
An agreement between a service provider and a customer that specifies the amount and type of service the provider will deliver.
зат.1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник; кызматкерлердин.. чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек («Советтик Кыргызстан»). Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков).
2. Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»).
3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү,ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутат — элдин кызматкери.
1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник кызматкерлердин чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек. Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков). 2. Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»). 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутат – элдин кызматкери.
КЫЗМАТКЕРДИ ЖЕКЕ КОРГОО КАРАЖАТТАРЫ – кызматкердин демалуу, угуу, көрүү органдарын, терисин жагымсыз касийеттердин таасиринен сактоого арналган жекече каражаттар.
КЫЗМАТКЕРЛЕР – акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде иштөөчү, өздөрүнө берилген укук милдеттерди жүзөгө ашыруучу жана алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуучу кара күчтү талап кылбаган жумуш жасаган, акыл эмгеги менен мээнеттенген кызматкерлер.
КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ЖЕКЕ ЖАНА ЖАМААТТЫК КОРГОО КАРАЖАТТАРЫ – зыяндуу жана кооптуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийген таасирин жок кылуу же азайтуу, ошондой эле булганып калуудан сактоо максатында колдонулуучу техникалык каражаттар.
КЫЗМАТ ОРДУ – бул же тигил мамлекеттик же мамлекеттик эмес уюмдардын кызмат орун тизмегиндеги белгилүү бир тартип боюнча белгиленип, анын ыйгарым укук мазмуну менен көлөмүн, аны кармоого чыгымдалуучу акча өлчөмүн, төмөндөн жогору түзүмүндө жайгашкан ордун көрсөтүүчү баштапкы түзүм бирдиги.
КЫЗМАТ ОРДУ (ЖУМУШ ОРДУ) – 1) кызматчынын (же кызматчылар тобунун) өндүрүштүк иш-милдетин аткаруусуна ыңгайлаштырылган жайдын бир бөлүгү; 2) жумуш берүүчүнүн көзөмөлүндө кыйыр же түздөнтүз туруп, кызматчы келүүгө же ишине байланыштуу болууга зарыл болгон орун.
service provider (noun)
A business that supplies Internet connectivity services to individuals, businesses, and other organizations. An ISP provides a telephone number, a user name, a password, and other connection information so that users can access the Internet through the ISP's computers.
quality-of-service indicator (noun)
A statistic that indicates the degree to which a computer, server farm, or server cluster meets usage demands for that configuration.
service quality metrics (noun)
A collection of statistics that indicates the degree to which a service meets performance, usage, and other demands for the service.
КЫЗМАТТАН КЕТҮҮ – 1) кеңири маанисинде алганда, кызмат адамдарынын мамлекеттик кызматтан же мамлекеттик кызмат ордунан кетүүсү; 2) аскердик кызматтагы офицердик тутумга кирген кызматкерлердин же прапорщиктердин жашына, оорусуна ж. б. байланыштуу кызматтан бошонуусу; 3) конституциялык укуктагы КР ЖК депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добушу аркылуу өкмөткө ишеним көрсөтпөөсү боюнча өкмөттүн, анын башчысынын же министрлердин кызматтан кетүүсү. Ошондой эле кызмат ордуна шайлоо жолу аркылуу келген мамлекет башчысы менен айрым кызмат адамдарынын иши да КР конституциялык мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.
КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТҮҮ (КР Президентин) – КР Президентинин конституциялык жоопкерчилигин ишке ашыра турган өзгөчө жолжобо. КР Конституциялык сотунун чыгарган корутундусу боюнча, КР ЖК тарабынан мамлекеттик чыккынчы катары же оор кылмыш жасады деп айыпталганда гана КР Президенти кызмат ордунан четтетилет. Кызматынан четтетүү үчүн КР Президентин айыптоо жөнүндөгү КР ЖКнын чечими КР ЖК тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен чечим кабыл алынат. КР Президентин кызматынан четтетүү боюнча КР ЖК тарабынан сунуш кылынган айыптоого КР Конституциялык соту тескери корутунду чыгарса, КР ЖКнын ал чакырылышын таркатууга алып келет. Эгер КР Конституциялык соту оң корутунду чыгарса, КР ЖКнын айыптоо сунуш кылынган күндөн тартып эки айлык мөөнөт ичинде депутаттардын жалпы санынын 4/5 добушу менен чечим кабыл алат. Эгер бул мөөнөттүн ичинде КР ЖК тарабынан чечим кабыл алынбаса, айыптоо четке кагылган болуп эсептелет.
Iсын. Кызматы бир, иштеш.
КЫЗМАТТАШIIэтиш. Биргелешип иштешүү, кандайдыр бир иштерди иштөөдө бири-бирине жардамдаш болуу. Өз ара кызматташкандыктан бул иш ийгиликтүү бүттү.
сотрудничество (выполнение работы совместно с кем-л, или помощь кому-л. в выполнении её); жемиштүү кызматташтык плодотворное сотрудничество; эл аралык кызматташтык международное сотрудничество; достук, кызматташтык, өз ара жардамдашуу дружба, сотрудничество, взаимная помощь.
зат. Өз ара кызматташ болуучулук. Досчулуктун жана эл аралык кызматташтыктын принциптери СССРдин тышкы саясатынын негизи болуп саналат («Советтик Кыргызстан»).
Өз ара кызматташ болуучулук. Досчулуктун жана эл аралык кызматташтыктын принциптери Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизи болуп саналат («Кыргыз Туусу»).
Business Contact Manager (proper noun)
A feature or add-in for Outlook that enables small business owners to list business contacts, accounts, and opportunities, and to perform several tasks related to managing and tracking information about the business.
КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЛОО – эгер бул жосундар жеке пайдакечтик же башка өздүк кызыкчылыктардан улам жасалса, мамлекеттик бийликке жана мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын мүдөөлөрүнө каршы кылмыш, кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматкер же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын кызматкери тарабынан ырасмий документтерге жалган экендиги дайын маалыматтарды, ошондой эле документтерге алардын чыныгы мазмунун бурмалоочу оңдоолорду киргизүүдө турат.
КЫЗМАТТЫК ЖЕР АЯНТЫ – мамлекеттик жана коммуналдык жер пайдалануучулар тарабынан өз кызматкерлерине КР жер мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарылган жер участоктогу. К. ж. а. жер участогун убактылуу акысыз пайдалануунун өзгөчө бир түрү болуп саналат.
КЫЗМАТТЫК (кесиптик) ЧЕНТАЛАП – руханий даражасына же кесиптик ишмердигине, ээлеген кызмат ордуна карата жарандардын шайлоо укугун чектөөчү шайлоо мыйзамынын жобосу. Алып айтсак, баардык Латын Америка жана Африка өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө аскер кызматчыларынын, полиция жана коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин добуш берүү укугу жок, Мексикада, Парагвайда жана Таиландда дин кызматкерлери солгун шайлоо укугуна ээ эмес. К. ч. эреже катары, бир катар кесиптердин мүнөзү принцибинде саясий турмушка жигердүү катушуу же депутаттык мандатка ылайык келбегени менен жүйөлөнөт.
КЫЗМАТТЫК КУРАЛ – мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, ишканалар менен уюмдардын кызматкерлерине өзүн өзү коргоо, же болбосо жарандардын өмүрүн жана денсоолугун коргоо, менчикти сактоо, табигый жана жаратылыш байлыктарын, баалуу жана кооптуу жүктөрдү, атайын кат-кабарларды кайтаруу боюнча өздөрүнө мыйзам аркылуу жүктөлгөн милдеттерин аткарууда пайдалануу максаттарында алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга КРдин мыйзамдары тарабынан улуксат берилген курал.
КЫЗМАТТЫК КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча мамлекеттик же муниципалдык органдардын ойдогудай иштөөлөрүнө тоскоолдук кылган кылмыш. Эгер 2 белги: күнөөлүү кызмат адамы болуп эсептелсе, ал эми анын жасаган коомдук коркунучтуу аракети (аракетсиздиги) анын кызмат абалы менен байланышкан болсо кызматтык кылмыш катары таанылат. Аларга коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, пара-сатып алуу, пара-сыйакы алуу, кызматтык документтерди оңдоо, шалаакылык ж. б. кирет.
КЫЗМАТТЫК ОЙЛОП ТАБУУ – кызматкер тарабынан өзүнүн кызмат милдеттерин же жумуш берүүчүнүн дайындуу тапшырмасын аткарууда жаратылган ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөржайлык үлгү.
КЫЗМАТТЫК СЫР – таркалып кетүүсү өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн болгон маалыматтар. Мындай маалыматтар мамлекеттик же аскердик сырга кирүүчү айрым бир маалыматтардан турат, жана алар толук ачыкка чыгарылбайт.
Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Марат уулу Талгаттын Конституциялык, Адилеттщщ соттук териштщрщщ, жактоочунун кызматынан пайдалануу жана эркин жщрщщгё болгон укуктарынын одоно тщрдё бузулгандыгы аныкталган.
КЫЗМАТТЫК ТУРАКЖАЙ – өздөрүнүн эмгек мамилелеринин мүнөзүнө байланыштуу иштеген жеринде же ага жакын жерде жашоого тийиш болгон жарандарды киргизүүгө арналган туракжай. К. т. анын менчик ээси болгон (аны тескеген) уюмдун жетекчи органдарынын чечими менен, жалдоо келишиминин негизинде, эмгек келишими түзүлгөн убакытка берилет. Жалпы эрежеге ылайык, уюм менен мамилелерин токтоткон кызматкерлер К. т. өздөрү менен бирге жашаган адамдар менен чогуу, башка туракжай берилбестен чыгарылууга тийиш.
КЫЗМАТТЫК ЧЫГАРМА – эмгек келишими боюнча, өзүнүн кызмат милдеттеринин (кызмат тапшырмасынын) алкагында автор тарабынан жаратылган адабий, илимий же көркөм өнөр (искусство) чыгармасы.
КЫЗМАТТЫК ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДАН АШАЧАБУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын кызыкчылыктарына каршы жасалган кылмыш; кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чектеринен ашачапкан жана жарандардын же уюмдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, же болбосо коомчулуктун же мамлекеттин мыйзам тарабынан коргоодогу кызыкчылыктарынын олуттуу бузулуусуна алып келген аракеттерди жасоосунда турат.
КЫЗМАТ ЧЕНИ – КРде мамлекеттик кызматкерлердин даражасы; ал мамлекеттик адистик сынактын же аттестациянын жыйынтыгы боюнча ыйгарылат. Мамлекеттик кызматкерлердин К. ч. ээлеп турган мамлекеттик кызмат ордуна болгон талаптарга карата адистик даярдык деңгээлинин шайкеш келерин көрсөтөт. Адистик сынактарды жүргүзүү, мамлекеттик кызматкерлерди сынактан өткөрүү жана К. ч-н ыйгаруу тартиби КР Президенти тарабынан белгиленет.
зат.1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Айганыш — комсомолдун обкомунун кызматчысы (Байтемиров). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев).
2. Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо).
3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.
КЫЗМАТЧЫ – 1) эмгек келишими боюнча иштеп, уюмдун ички эмгек тартибине баш ийүүчү жеке адам. Кызматчы (эмгек мыйзамдарынын мааниси боюнча) баардык эле жарандык-укуктук келишим (жалдоо, тапшырма, автордук келишим ж. б. у. с.) боюнча жак болуп саналбайт. Ар бир кызматчы төмөндөгүлөргө укуктуу: а) коопсуздук менен гигиена талаптарына жооп берүүчү эмгек шартына; б) жумушуна байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга; в) эч кандай басмырлоосуз жана мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмдөн төмөн эмес жасаган эмгегине жараша сыйакы алууга; г) жумуш убактысынын узактыгын белгилөө, бир катар кесиптер менен иштер үчүн жумушчу күндөрүн кыскартуу, апталык дем алыш күндөрүн, майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү берүү менен камсыз кылынган эс алууга; д) кесипкөйлүк бирликтерге биригүүгө, жаш курагы боюнча, эмгекке жарамдуулугун жоготкондо жана башка мыйзамдарда белгиленген учурларда, социалдык жактан камсыздандырылууга; е) өз эмгек укугун сот аркылуу коргоого. Кызматчы төмөндөгүлөргө милдеттүү: а) өзүнүн эмгектик милдетин ак ниеттик менен аткарууга; б) эмгек тартибин сактоого; в) уюмдун мүлкүнө аяр мамиле жасоого; г) белгиленген эмгек ченемин аткарууга.
2) жумуш берүүчү менен эмгек мамилесин түзгөн жеке адам.
1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Жылдыз – өз ишин так аткарган кызматчы («Кут билим»). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев). 2. Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо). 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.
КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ – кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин уюмдары, алардын уставдарына ылайык жумушчулардын кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык уюштурулган башка уюмдар. Кесиптик бирликтердин мүчөсү болбогон жумушчулар кесиптик бирликтерге өз кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктарын бере алышат.