Кызматтык ыйгарым укуктардан ашачабуу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЗМАТТЫК ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДАН АШАЧАБУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын кызыкчылыктарына каршы жасалган кылмыш; кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чектеринен ашачапкан жана жарандардын же уюмдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, же болбосо коомчулуктун же мамлекеттин мыйзам тарабынан коргоодогу кызыкчылыктарынын олуттуу бузулуусуна алып келген аракеттерди жасоосунда турат.