Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Айганышкомсомолдун обкомунун кызматчысы (Байтемиров). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев).
  1. 2.           Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо).
  2. 3.           өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

КЫЗМАТЧЫ – 1) эмгек келишими боюнча иштеп, уюмдун ички эмгек тартибине баш ийүүчү жеке адам. Кызматчы (эмгек мыйзамдарынын мааниси боюнча) баардык эле жарандык-укуктук келишим (жалдоо, тапшырма, автордук келишим ж. б. у. с.) боюнча жак болуп саналбайт. Ар бир кызматчы төмөндөгүлөргө укуктуу: а) коопсуздук менен гигиена талаптарына жооп берүүчү эмгек шартына; б) жумушуна байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга; в) эч кандай басмырлоосуз жана мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмдөн төмөн эмес жасаган эмгегине жараша сыйакы алууга; г) жумуш убактысынын узактыгын белгилөө, бир катар кесиптер менен иштер үчүн жумушчу күндөрүн кыскартуу, апталык дем алыш күндөрүн, майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү берүү менен камсыз кылынган эс алууга; д) кесипкөйлүк бирликтерге биригүүгө, жаш курагы боюнча, эмгекке жарамдуулугун жоготкондо жана башка мыйзамдарда белгиленген учурларда, социалдык жактан камсыздандырылууга; е) өз эмгек укугун сот аркылуу коргоого. Кызматчы төмөндөгүлөргө милдеттүү: а) өзүнүн эмгектик милдетин ак ниеттик менен аткарууга; б) эмгек тартибин сактоого; в) уюмдун мүлкүнө аяр мамиле жасоого; г) белгиленген эмгек ченемин аткарууга.

2) жумуш берүүчү менен эмгек мамилесин түзгөн жеке адам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Жылдыз – өз ишин так аткарган кызматчы («Кут билим»). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев). 2. Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо). 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ – кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин уюмдары, алардын уставдарына ылайык жумушчулардын кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык уюштурулган башка уюмдар. Кесиптик бирликтердин мүчөсү болбогон жумушчулар кесиптик бирликтерге өз кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктарын бере алышат.