кызматчы
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Айганыш — комсомолдун обкомунун кызматчысы (Байтемиров). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев).
- 2. Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо).
- 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.