КЫЗЫЛ КИЙҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015эск. Баатырдын, кандын, эл башында турган адамдын үстүнө кызыл кийип, сары менен башын ороосу, согуштун белгиси, жоого аттанып жортуулга чыгуунун белгиси. Кызылды Манас кийиптир – Кыргызга кылар каары бар, Кызылды эндей жамынып, Кылар иши дагы бар. Сарыны башка чалган соң, Бир шумдук кылар чагы бар! Муну айтышып баарысы, Муңайышып калышты («Манас» С. О.). Кызыл кийип үстүнө, сары селде чалынып («Манас» С. О.).