Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кызыл гүлү апийимдин гүлүнүн формасындай, бирок андан кичирээк келип, тез ачылып, тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк. Таштын түбүндө гүл ачкан жалгыз түп кызгалдак турат (Жантөшев). Кызгалдак ачылгандай бир заматта дөбөнүн үстү гүлдөп кетти (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кызыл гүлү кичирээк келип, тез ачылып, тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк. Таштын түбүндө гүл ачкан жалгыз түп кызгалдак турат (Жантөшев). Кызгалдак ачылгандай бир заматта дөбөнүн үстү гүлдөп кетти (Сыдыкбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Май айында ачылуучу назик кызыл гүл кызгалдак аталат. Ал сөз «кызыл» маанисиндеги кыз уңгусунан жана -галдак мүчөсүнөн куралган. Андай экенин кыргыз тилинин түштүк диалектисиниде колдонулган саргалдак деген сары гүлдүү өсүмдүктүн атынын да байкайбыз. Ушуга караганда -галдак гүлдүү чөптөрдүн атын билдүрүүдө кошулчу мүчө болуп чыгат.