Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Май айында ачылуучу назик кызыл гүл кызгалдак аталат. Ал сөз «кызыл» маанисиндеги кыз уңгусунан жана -галдак мүчөсүнөн куралган. Андай экенин кыргыз тилинин түштүк диалектисиниде колдонулган саргалдак деген сары гүлдүү өсүмдүктүн атынын да байкайбыз. Ушуга караганда -галдак гүлдүү чөптөрдүн атын билдүрүүдө кошулчу мүчө болуп чыгат.