Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кызыл гүлү кичирээк келип, тез ачылып, тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк. Таштын түбүндө гүл ачкан жалгыз түп кызгалдак турат (Жантөшев). Кызгалдак ачылгандай бир заматта дөбөнүн үстү гүлдөп кетти (Сыдыкбеков).