Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чукугандай сөз тапкан, чечендиктин, мыкты ырдай билүүнүн, сүйлөй билүүнүн белгиси, символу катары колдонулат. Өнөр алды - кызыл тил (макал). Өзүнүн кызыл тилин кыябы менен безеп, сөз талашканда алдына жан салбайт (Нурпеисов). Жетимиштен ашканча, Кызыл тилиң безеди (Тоголок Молдо).