Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Боз үйдүн үзүк, туурдугун сыйыруу, жалгыз кереге-уугу калуу. Тезинен боз үйдү кызыл кереге кылып сыйрып жиберишти (Касымбеков). Ал эми ортодогу алты канат ак үйдү эл кызыл кереге кылып, токсон тогуз курчап турушту (Көчкөнов). 2. Кыргын салуу, үй мүлкүн талоо, талкалоо, эч нерсесин калтырбай олжолоп кетүү. Акарат кылган сасыткылардын өздөрүн жүндөй сабап, айылын кызыл кереге кылып, талап келгиле (Аалы).