КЫЗЫЛ МАЙ БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Семиз малдын (көбүнчө жылкынын) кыйналуу, табынан жануу, дартка чалдыгуу, арыктоосуна карата айтылат. Үйүрдөгү айгыры кызыл май болгон (Осмоналиев). 2. Кыйналгандан каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо, зоругуу. Чаржайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук, тер басып (Элебаев). Жөндөн-жөн эле далбастап, кара жаныңарды карч уруп, кыйналып, тоо коюнун бүтүндөй тинтип, кызыл май боло бербегиле (Мавлянов). В.: Кызыл май кылуу. Кыпчактын Ак-Шыйрагын семизинде тер алдырып алып, кызыл май кылып алыптыр (Көчкөнов). Өзүңөрдү убара кылып, атыңарды кызыл май кылып... деп жасоолдорду аяган киши болду (Осмоналиев).