Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Талашып-тартышып, кызаңдашкан абалга жетүү, катуу урушуп калуу. Алар менен чеке болушпай, жөндүү мамиледе болүңуз (Егиналиев). Коомдук жерде кызыл чеке болуп, итче тытышып жатышса тим коймок беле, тиешелүү жерге алып барышты («Чалкан»). Бул шылдың Аскардын сай сөөгүн сыздатып, чатак кызыл чеке болуп мушташууга чейин ырбады (Исмаилов).