КЫЗАР
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Кызыл түскө келүү» маанисин билдирген кызар этиши кыз+ар бөлүктөрүнөн турат. Мындагы кыз уңгусу – байыркы заманда азыркы кызыл сөзүнүн маанисин берген. Ошол кезде ага этиш жасоочу -ар мүчөсү жалганып пайда болгон кызар этиши алигиче сакталып калган. Бирок кыз уңгусу өзүнчө турганда «кызыл» маанисин бере албай турган абалга келген. Азыркы агар, көгөр, бозор сыяктуу учурда -ар мүчөсү сын атоочтон этиш жасоочу мүчө экени даана көрүнөт. Ошол -ар мүчө байыркы мезгилдр кыз сөзүнө уланып, азыркы кызар этишин уюштурган.