зат. Денеге майда кызыл бүртүктөр пайда болуп, температура көтөрүлүп, көздүн айланасы, ооздун ичи жана дем алуу жолдору сезгенип ооруй турган балдардын жугуштуу оорусу, кызылча. Беш жашары солуп жаткан, Алдастатып кызамык (Аалы).
Денеге майда, кызыл бүртүкчөлөр пайда болуп, температура көтөрүлүп, көздүн айланасы, ооздун ичи жана дем алуу органдары сезгенип ооруй турган балдардын жугуштуу оорусун билдирген кызамык сөзү кыз уңгусунан жана -амык мүчөсүнөн турат. Анын кыз уңгусу — «кызыл» маанисиндеги сөз. Ал уңгу кызар (<кыз+ар) этишинде катышат. Ал эми -амык кичирейтүүчү мүчө экени боз-бозомук деген учурда аныктайбыз. Кызамык сөзү «кызыл сымак» дегенге жакын маани берип, кызгылт же кызылча сөздөрүнө маанилеш келет. Ошондуктан кызамыкты тергеп, кээде кызылча деп да коёт.
Денеге майда кызыл бүртүктөр пайда болуп, эти ысып, көздүн айланасы, ооздун ичи жана дем алуу жолдору сезгенип ооруй турган балдардын жугуштуу оорусу. Беш жашары солуп жаткан, Алдастатып кызамык (Токомбаев).