Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек балдар. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»).