Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Татынакай, жакшынакай, бардыгы келишкен (аялга карата айтылат). Шамбеттин тирүү кезинде Калыйпа кызылы кызыл, агы ак, балкыйган ак-саргыл аял эмес беле (Бердикеев). «Кайни?! Мендей бозала абышканы кантип кайним дейт бу кызылы кызыл, агы ак буралган жаш келин?!» деди бир ою... (Касымбеков).