Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ-ЖАР — топоним. Эпосто Семетей баатыр чоролорунан: «Шемей калаа, Кызыл-Жар, Аны көргөн барсыңбы?» (Радлов жазып алган вариант 312),— деп сураганда эскерилет. Казакстандагы Семей (Шемей) калаасы менен катар айтылганына караганда ага жакыныраак жайгашкан мурдагы К.-Ж. (азыркы Петропавловск) шаары жөнүндө баяндалып жатканын айтууга болот.