Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу, канталап чыгуу. Спираль заматта кадимкисиндей кызарып чыкты (Бейшеналиев). Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Жылуу бөлмөгө кирип, ысык чай ууртаган Мырзагүл эженин бети кызарып чыкты. 2. өт. Уялган, кысылган абалда болуу. Мыскал эчтеке айта албай, кызарып кетти (Сыдыкбеков). Динар бир аз кызарып кошо күлдү (Сыдыкбеков).